Самаркандек эли көтөргөн маселелер көзөмөлгө алынды
2026-жылдын 8-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана Баткен районунун акиминин Самаркандек айыл өкмөтүнүн тургундары менен болгон жолугушуусунда көтөрүлгөн маселелер боюнча ыкчам иштер жүргүзүлүүдө.
Баткен районунун акими Данир Иманалиев жолугушууда айтылган көйгөйлөрдү жеринде көрүп чыгып, алардын чечүү жолдорун талкуулады. Аймактагы тургундар тарабынан көтөрүлгөн маселелердин ар бири көзөмөлгө алынып, тиешелүү мекеме-уюмдардын жетекчилерине тапшырмалар берилди.
Район башчысы айрым көйгөйлөрдү кыска мөөнөттө чечүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин белгилеп, калган маселелер боюнча этап-этабы менен иштер жүргүзүлөрүн билдирди.
Учурда тиешелүү жетекчилер жана Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан маселелерди чечүү боюнча зарыл чаралар көрүлүп, иштер алып барылууда. Жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн өз убагында чечүү жана алардын жашоо шарттарын жакшыртуу багытындагы иштер улантылат.