Саммитке байланыштуу Бишкекте соода борборлору менен базарлар убактылуу жабылат
Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин жана 2026-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта мэр Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында өткөн Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиянын жыйынында айтылды.
Маалыматка ылайык, 31-август жана 1-сентябрда расмий делегациялар өтүүчү маршруттардагы бир катар ири соода борборлорунун иши убактылуу токтотулат. Алардын катарында ГУМ «Чынар», ЦУМ «Айчүрөк», «Бишкек Парк», «Азия Молл», «Ала-Арча», «VEFA Центр», «Дом торговли», «Гоин», «Beta Stores 1» жана «Беш Сары Сити» бар.
Ошондой эле «Ош базары» жана «Сары-Өзөн» базарлары 31-август, 1-2-сентябрда, ал эми «Орто-Сай» базары 31-август жана 1-сентябрда иштебейт.
Мындан тышкары, 29-август саат 15:00дөн тарта төрт жер алдындагы жөө өтмөк убактылуу жабылат.
Шаарда коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн 12 фан-зонада коопсуздук күчөтүлүп, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жеткирүү үчүн 21 багытта шаттл-автобустар каттамга чыгарылат. Коомдук транспорттун үзгүлтүксүз иштөөсү да камсыздалат.
Бишкек ЖЭБ, «Бишкекжылуулукэнерго», «Бишкекжылуулуктармагы», «Бишкекжарык» жана «Бишкекгаз» кызматтары күчөтүлгөн режимге өткөрүлөт.
Жаңы окуу жылына карата мектептердин жанындагы жол белгилери жана жөө өтмөктөр текшерилип, видеобайкоо системалары менен «тревога» баскычтарынын ишке жарамдуулугу көзөмөлдөнөт.
Мэр Айбек Джунушалиев көрүлүп жаткан чаралардын негизги максаты — шаар тургундарынын, коноктордун жана расмий делегациялардын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыз кылуу экенин белгиледи.