«САНАРИП ДООРУНДАГЫ САНАТ: ТИЛ ҮЙРӨТҮҮДӨН ДҮЙНӨ ТААНУУГА ЧЕЙИН»
Мен Далдаева Салтанат Такабаевна 2006-жылы М.Элебаев орто билим берүү мектебин аяктап, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетине тапшыргам. 2012-жылы аталган ЖОЖду ийгиликтүү аяктап, Ак-Суу районунун Советское айылынын Кызыл‑Кыя жалпы билим берүү мектебинде англис тили мугалими болуп 12 жылдан бери эмгектенип келе жатам.
Айылымдын кыскача тарыхына кайрылсам, Ысык-Көл жергесинин Ак-Суу районунун Тасма тоо кыркасынын чыгыш жагында жайгашкан Кызыл-Кыя жергесиндеги ашуудан Манас бабабыз Каркыра жайлоосуна ашып барып, Көкөтөйдүн ашын өткөрүшкөн. Уулдары Семетей, Сейтек Кызыл-Кыяны басып өтүп кытай-манжурларга сокку урган. Кийинчерээк Белек уулу Шапак баатыр, Сарке атанын уулу Теке баатыр экөө Кызыл-Кыядан өтүп Сары-Жаз, Текес өрөөнүнө барышып, кыргыз, казак элин манжур-калмак, кытайлардын баскынчылыгынан коргоп калышкан.
Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Советское айылынын түптөлгөнүнө бир кылымдан ашык убакыт өтсө да айылда билим берүү системасы артта калган эмес. Алгач Советское айылында Лизогубовка башталгыч мектеби ачылып, 1970-жылы жер титирөөдөн кийин Советское айылында мектепке жаңы имарат курулат. Имарат 7 класстык бөлмө, фойеси болгон. Мектеп көмүр менен жылытылып, щиттен салынган. 1988-жылы кошумча мектеп да курулган.
Мектеп түптөлгөндөн бери 1925–1960-жылдары Лизогубовка башталгыч мектеби; 1969–1979-жылдары Советское 8 жылдык мектеби; 1988-жылы Советское 9 жылдык мектеби; 1991-жылы Кызыл-Кыя толук эмес орто мектеби; 2006-жылы Кызыл-Кыя орто мектеби; 2010-жылы Кызыл-Кыя жалпы орто билим берүү мектеби болуп аталган.
2025-жылы Мамлекет башчыбыз Жапаров Садыр Нургожоевичтин демилгеси менен ишке ашкан “100 объект” программасынын алкагында Кызыл-Кыя жалпы билим берүү мектеби жаңы, заманбап, жаркыраган имаратка көчүп кирди. Бул окуя билим берүү сапатын жогорулатып, окуучулар менен мугалимдер үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү жаратты.
Ушундай сыймыктуу алыскы, тоолуу аймактын атуулу жана мугалими катары менин максатым – ар бир сабакты кызыктуу, натыйжалуу өткөрүү, эски ыкмалардан баш тартып, заманбап IT-технологияларды колдонуу менен окутууну өнүктүрүү. Учурда башкаларга багыт берген мугалим катары жаш мугалимдер мектебин жетектеп, жаш адистердин башын бириктирип, насаатчылык миссиямды аткарып келем. Бул менин лидерлик сапатым. Андыктан, насаатчы катары жаш мугалимдердин потенциалын ачууга көмөктөшүү. Инновациялык жана сапаттуу билим берүү. Окуучуларга англис тилин гана үйрөтпөстөн, аларды чоң жашоого даярдоо. Өзүнө ишенген, эркин сүйлөгөн, билимдүү жаштарды тарбиялоо. Бул – ар бир мугалимдин башкы милдети деп эсептейм.
Эң оболу, мен жөн гана окуучуларыма англис тилин окутпайм. Мен окуучуларыма дүйнө менен баарлашууну үйрөтөм. Технология – бул жөн гана курал. Ал эми мугалим – бул Рух. Келечекте мен англисче сүйлөгөн роботторду эмес, англисче ой-жүгүрткөн, эркин бактылуу жана ата мекенине пайдасын тийгизген инсандарды тарбиялагым келет.
Өзүмдү өнүктүрүү үчүн семинар, тренингдердин, онлайн курстардын активдүү катышуучусу болуп, өмүр бою билим алуу принцибин карманам. Жаңы технологияларды инновациялык методдорду мисалы, санариптик куралдар, жасалма интеллект, интерактивдүү оюндарды өздөштүрүүдөн качпаган креативдүү мугалиммин.
Билим берүүдө дүйнөлүк стандарттарды пайдалануу менен улуттук колоритти жана маданиятты сактап калууга, аны окуу процессинде этнопедагогикада колдоном.
Эл аралык уюмдар менен кызматташып, окуучуларды чет элдик волонтёрлор менен байланыштырууга аракеттенем. Бул аракет англис тилин практикада колдонуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.
Ошондуктан, заманбап курстар жана чет элдик ыктыярчылар менен долбоорлорду тынымсыз алып барууга жан үрөйм. Долбоорлорумдун бири “Тынчтык корпусу”. Аталган долбоор менен бирге иштешип мектепке ыктыярчы чакырылды. Окуучулардын англис тилин өнүктүрүүдө америкалык Арианна Дрисси менен тыгыз кызматташып, иш алып бардык. Арианна Дрисси окуучулардын коопсуздугу үчүн Кызыл-Кыя жалпы билим берүү мектебинин ички-сырткы көзөмөл камераларын жана түстүү принтер, “Аркус” басмаканасынын окуу китептери мектепте жок болгондуктан, 7-8-10-класстардын окуу китептерин, сөздүктөрдү алып берди. Улуттук баалуулуктарды сактоодо Манастын 3 томдук китебин өз каражатына алып берип, ошентип демөөрчүлөр менен да иштешип келем.
Бүгүнкү күндө мугалим болуу – бул жөн гана сабак өтүү эмес. Бул чоң жоопкерчиликти, чыгармачылыкты жана үзгүлтүксүз изденүүнү талап кылган ары татаал, ары кызыктуу кесип. Мен үчүн заманбап мугалим – бул окуучуга билим гана бербестен, аны ойлонууга, изденүүгө, өзүнө ишенүүгө, үйрөткөн, шыктандырган инсан.
Ошол себептен ар бир сабагымды кызыктуу, жеткиликтүү өткөрүүгө аракеттенем. Заман талабына ылайык, жаңы методдорду, интерактивдүү ыкмаларды колдоном. Себеби, азыркы окуучулар жөн гана маалымат угуп эле отурбастан, өздөрү активдүү катышкан сабактарды жакшы кабыл алышат.
Мен үчүн ар бир окуучу – бул өзүнчө дүйнө. Ошондуктан, алардын кызыгуусун, жөндөмүн эске алуу менен иш алып барам. Сабакта окуучулар эркин сүйлөп, өз ойлорун ачык айткан атмосфера түзүү – менин приоритетим. Анткени, тил үйрөнүүдө эң негизгиси коркпой сүйлөө.
Заманбап мугалим дайыма өнүгүүдө болушу шарт. Жыйынтыктап айтканда, заманбап мугалим – бул ар дайым изденген, жаңыланган жана окуучунун келечеги үчүн жан үрөгөн инсан. Мен дал ушундай мугалим болууга умтулам.
Салтанат Далдаева,
Ак-Суу району