"Эркин-Тоо"

Санариптик банк продуктуларын иштеп чыгууга грант берилет

14-апрелде Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн жана “Рынокторго чыгууну камсыздоо” долбоорунун алкагындаайыл чарбасындагы санариптик инновациялык финансылык продуктуларды иштеп чыгуу боюнчасынактык сунуштардын жеңүүчүлөрү болгонАйыл банк жана Кыргызстан банктарынын бирикмесининортосундагыгрант жөнүндө макулдашууларга кол коюу аземи өттү.

Кол коюлган макулдашууларга ылайык, Кыргызстан банктарынынбирикмесине наркы 8 459 009 сомду түзгөн долбоорду иштеп чыгууга 4 226 061 сом, Айыл банкынанаркы 14 875 000 сомду түзгөн электрондук финансылык продуктуну даярдоо үчүн 4 250 000 сом берилет.

Кыргызстан банктарынын бирикмесинин“Кампа тилкаттарынын негизинде каржылоо” деп аталган сунушу айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөргө, сатуучуларга, кайра иштетүүчүлөргө жана экспорттоочуларга кампа запастарынын негизинде кредит алууга мүмкүнчүлүк берет.

Кыргызстан банктарынын бирикмеси менен түзүлгөн макулдашууда каралганинновациялык продуктуну иштеп чыгуунун максималдуу мөөнөтү — 10 ай, ал эми Айыл Банк менен түзүлгөн макулдашууда — ​алты ай ичиндеберилүүгө тийиш.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!