Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун билдирүүсү боюнча, учурда Бишкек шаарында коронавирус инфекциясынын жайылып кетүүсүнө бөгөт коюу максатында атайын рейддер жүрүп жатат.
Рейддин алкагында Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тиешелүү мекемелер менен биргеликте шаардагы ишканаларга, коомдук унааларга, компьютердик клубдарга, базарларга, соода борборлоруна, эл көп каттаган коомдук жайларга атайын текшерүүлөрдү тынымсыз жүргүзүп жатат.
Эки жумалык текшерүүнүн жыйынтыгында салынган айып пулдун жалпы суммасы 18 миң сомду түздү.