Сантехниктен мэрликке чеийин. Жаңы калаа башчысы Джунушалиевдин өмүр баяны
Бүгүн Джунушалиев Айбек Джанышбекович Бишкек шаарынын жаңы мэри шайланганга чейин шаардын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койду.
Калаа башчысынын өмур баянына көз чаптырсак, ал 1976-жылы 6-июнда Чүй облусунун Кегети айылында туулган.
1999-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде (КМУУ) юриспруденция адистигин аяктаган.
Эмгек жолу 1997–1999 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде (КМУУ) слесарь-сантехник болуп баштаган.
2000–2004 — КМУУда мугалим болуп эмгектенген.
2000–2006 —Чүй облустук администрациясынын жаштар иши боюнча комитетинин жетекчиси, «Чүй облустук жаштар кеңеши» коомдук бирикмесинин башчысы;
2006 — Чүй аймактык билим берүү жана жаштар саясаты башкармалыгынын жетекчисинин орун басары.
2006–2007 — Чүй облустук администрациясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
2007–2008 — Өкмөттүн аппаратынын Социалдык өнүктүрүү жана маалымат башкармалыгынын билим берүү, маданият, дин, спорт жана жаштар менен иштөө бөлүмүнүн референти;2008–2009 — КР президентинин каттар сектору жана жарандарды кабыл алуу канцеляриясынын башчысы;
2009–2010 — Президенттик администрациянын көзөмөл жана уюштуруу иштеринин өкмөт менен байланыш боюнча секторунун эксперти;
2010 — Чүй облустук администрациясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы;
2010–2014 — өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси;
2014–2015 — өкммөттүн аппаратында социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси;
2015 — Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин статс-катчысы;
2021, февраль — өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары;
2021, май — Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары.
2021-жылдын 12-августунда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.