Санжар Маткулов Инженердик изилдөөлөр департаментинин директору болуп дайындалды
Санжар Маткулов Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Инженердик изилдөөлөр департаментинин директору болуп дайындалды.
Тиешелүү тескемеге Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев кол койду.
Бүгүн, 22-сентябрда министрдин биринчи орун басары Болот Чолпонбаев жаңы жетекчини департаменттин жамаатына тааныштырды.
Жолугушууда Маткуловго жаңы кызматында ийгиликтер кааланды.
Белгилей кетсек, Санжар Маткулов буга чейин Курулуш министрлигинин Курулуш башкармалыгын жетектеп келген.