Сапар Аманкулов тергөө кызматтарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жыйын өттү

2-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 147

Ысык-Көл ОИИБдин башчысынын орун басары, милициянын полковниги Сапар Аманкулов Ысык-Көл облустук жана ШРИИБдин тергөө кызматынын кызматкерлери менен жумушчу жыйын өткөрдү. Жыйында тергөө ишмердүүлүгүнүн сапатын жогорулатууга багытталган бир катар маселелер каралды.Возможно, это изображение один или несколько человек

Жолугушууда кызматтык тартипти бекемдөө, коррупциялык көрүнүштөрдүн жана мыйзамсыз аракеттердин алдын алуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле жарандардын мыйзамдуу укуктарын коргоо, кызматкерлердин жеке жоопкерчилигин күчөтүү зарылдыгы белгиленип, ички иштер органдарынын ишине болгон коомдук ишенимди арттыруу негизги максат экени айтылды.

Жыйындын жыйынтыгында ар бир ыкчам кеңешмеде мыйзамдуулук жана тартип маселелери катуу көзөмөлгө алынары белгиленди. Кызматкерлерге иштин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган тиешелүү эскертүүлөр жана тапшырмалар берилди.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X