Сары-Өзөн Чүйгө —100 жыл

13-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 139

2026-жылдын 10-октябрында Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» борбордук аянтында Чүй облусунун 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Мааракеге Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары, маданият өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар жана борбор калаанын коноктору катышты. Жүз жылдык маараке Сары-Өзөн Чүйдүн бай тарыхын, маданий мурастарын, экономикалык жетишкендиктерин жана элинин эмгегин даңазалаган өзгөчө окуя болду. Майрамдык программада тарыхый сахналаштырылган көрсөтүү, этнокөргөзмө, улуттук тамак-аштардын жарманкеси жана чоң концерттик программа уюштурулду.

Бир кылымдык жол
Чүй өрөөнү Кыргызстандын тарыхында өзгөчө орду бар аймак. Бул жер байыркы Жибек жолу өткөн, соода-сатык, маданият жана шаар цивилизациясы өнүккөн өрөөн катары белгилүү. Суяб, Баласагын жана Ак-Бешим сыяктуу тарыхый жайлар Чүйдүн байыркы тарыхынан кабар берет. Бир кылымдык тарыхы бар өрөөн андыктан ар дайым кубаттуу аймак катары саналып келген. Андыктан, 1926-жылы административдик-аймактык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында өрөөндө биринчи жолу Чүй кантоны түзүлгөн. Бул окуя Чүй аймагынын административдик тарыхындагы маанилүү баскычтардын бири болуп эсептелет. Кийин аймактын башкаруу түзүмү бир нече жолу өзгөрүп, 1939-жылы Фрунзе облусу түзүлгөн. Бүгүнкү Чүй облусунун тарыхы дал ушул административдик өзгөрүүлөр менен тыгыз байланышта. Ал эми облуска “Чүй” деген аталыш, 1990-жылы берилген.
Убакыттын өтүшү менен Чүй аймагы айыл чарбасы, өнөр жайы, билим берүү жана маданияты өнүккөн маанилүү экономикалык борборлордун бирине айланган. Анын берекелүү талааларында дан эгиндери, жашылча-жемиштер өстүрүлүп, мал чарбачылыгы өнүктү. Учурда өрөөндүн шаарлары менен айылдары өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошуп келет.

Президенттин катышуусундагы салтанат
Мааракенин негизги бөлүгүнө Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө Чүй өрөөнүнүн кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышындагы, өлкөнүн тарыхындагы, экономикасындагы жана маданиятындагы ордуна токтолду. Салтанатта Чүйдүн кылымдык тарыхын, көрүнүктүү инсандарын жана аймактын өнүгүүсүнө салым кошкон муундардын эмгегин чагылдырган сахналаштырылган көрсөтүү тартууланды. Көркөм образдар аркылуу тарыхый окуялар, улуттук баалуулуктар жана элдин басып өткөн жолу көрүүчүлөргө жеткирилди. Президент аймактын мындан аркы өнүгүүсү үчүн ар бир жарандын салымы маанилүү экенин белгилеп, жалпы коомчулукту биргелешип иштөөгө чакырды.

Чүйдүн байлыгы
Чүй облусунун 100 жылдыгына карата Турдакун
Усубалиев атындагы эски аянтта маданий-көргөзмө уюштурулду. Ага Чүй аймагындагы райондордун жана жергиликтүү түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышып, өздөрүнүн жетишкендиктерин, маданиятын, салт-санаасын жана кол өнөрчүлүгүн тааныштырышты.

Көргөзмөнүн өзгөчөлүгү ар бир аймак өзүнүн жүзүн, өзгөчөлүгүн жана эмгегинин үзүрүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алганында болду. Келген коноктор улуттук буюмдар, колго жасалган жасалгалар, айыл чарба продукциялары жана салттуу тамак-аштар менен таанышты. Этноайыл форматында боз үйлөр тигилип, кыргыз элинин меймандостугу, улуттук кийимдери жана каада-салттары даңазаланды. Ар түрдүү улуттардын өкүлдөрү өздөрүнүн маданиятын жана кол өнөрчүлүгүн көрсөтүп, Чүй облусундагы ынтымак менен достуктун үлгүсүн тартуулашты.

Белектеги салтанат
Андан тышкары, 9-октябрда Сокулук районунун Белек айылында да салтанаттуу иш-чаралар өттү. Ага Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев баштаган депутаттар, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев катышышты. Салтанатта соңку жүз жыл ичинде Чүй облусу өнүгүүнүн татаал, бирок даңктуу жолун басып өткөнү белгиленди. Бүгүн да бул облуста ар кайсы аймактын, ар түрдүү улуттардын өкүлдөрү бир туугандай жашап, бир мекендин келечеги үчүн биргелешип эмгектенип келишкени айтылды. Мындан ары да ынтымак менен биримдикке данакер болгон Чүй жергеси заманбап технологиялар өнүккөн, айыл чарбасы менен өнөр жайы өркүндөп-өскөн, жаштары билимдүү, айылдары көрктүү, эли бакубат аймак катары тааныла берет деген ишенич билдирилди. Салтанаттуу иш-чара театрлаштырылган оюн-зооктор, ат оюндары менен коштолду.

120 метрлик чучук
Майрамдын эң кызыктуу жана көпчүлүктүн көңүлүн бурган окуяларынын бири узундугу 120+ метр болгон чучуктун даярдалышы болду. Улуттук тамак-ашыбыздын бул түрү кыргыз элинин ашканасында өзгөчө орунду ээлейт. Андыктан анын жасалышына кызыккан жарандар көп болду.
Чүй облусунун жүз жылдык мааракесине даярдалган өзгөчө чучук үчүн болжол менен 400 килограмм эт колдонулуп, ал алты сааттай бышырылган. Даяр болгон чучуктун узундугу өлчөнүп, 128 метр экени белгиленди. Бул көрсөткүч 2018-жылы Кыргызстанда даярдалган 117 метрлик чучуктун узундугунан ашып, рекорд коё алды.

Жазгул Кенжетаева

13-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 139
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X