Сасык тумоо менен ооругандардын 72%ы – балдар

28-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 153

2026-жылдын 19–25-январь күндөрү республика боюнча курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) жана сасык тумоо боюнча 14 607 учур катталды. Бул мурунку жумага салыштырмалуу 7,9%га аз.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, ооругандардын 72,4%ын 14 жашка чейинки балдар түзөт. Андыктан Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында оор курч респиратордук инфекциялар жана сасык тумоого окшош оорулар боюнча эпидемиологиялык көзөмөл улантылууда.

28-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 153
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X