Сасык тумоологондор жандандыруу бөлүмүнө жаткырылууда

10-февраль, 2023-ж. / Редакция / Пресс 35

Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев учурда бейтапкананын реанимация бөлүмүндө курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоо менен 6 бейтап жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, алардын төртөө жаш балдар. Балдардын абалы оор деп бааланууда. Бейтаптар мындай абалга өз алдынча антибиотиктерди кабыл алуунун натыйжасында келгендигин айтты. Дарыгер андыктан сасык тумоологондорду жашаган жериндеги поликлиникаларга кайрылууга жана өз алдынча дарыланбоого чакырды.

Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА
№10 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 10-февралы

10-февраль, 2023-ж. / Редакция / Пресс 35
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X