Сауд Арабиясы Кыргызстанга 50 тоннага жакын курма гуманитардык жардам катары тапшырды
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде Сауд Арабия Падышалыгынан келген гуманитардык жардамды тапшыруу аземи болуп өттү. Иш-чаранын алкагында социалдык жактан аялуу катмардагы жарандар үчүн 48 тонна 720 килограмм курма берилди.
Салтанатка министрликтин жетекчилиги, Ияд бин Гази Хаким, ошондой эле Король Салмандын гуманитардык жардам жана колдоо борборунун өкүлдөрү катышты.
Маалыматка ылайык, гуманитардык жардам карылар үйлөрүнө, балдар үйлөрүнө, анын ичинде Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы аркылуу жана райондук социалдык коргоо башкармалыктарынын жардамы менен муктаж жарандарга жана үй-бүлөлөргө таратылат.
Долбоор Король Салмандын гуманитардык жардам жана колдоо борбору тарабынан ишке ашырылып, Сауд Арабиясынын Кыргызстанга көрсөткөн туруктуу гуманитардык колдоосунун бир бөлүгү экени белгиленди.
Тараптар бул демилге кыргыз-сауд достук мамилелеринин бекемдигин жана гуманитардык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө болгон өз ара кызыкчылыкты айгинелей турганын белгилешти.