Сауд Арабиясынан Ошко 120, Бишкекке 90 жаран учуп келди

5-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 20

Сауд Арабиясынын Жидда шаарынан бүгүн «Ош» эл аралык аэропортуна 120 жаран, ал эми “Манас” эл аралык аэропортуна 90 жаран учуп келди.

Ошондой эле бүгүн, 5-мартта, Оман өлкөсүнөн дагы 360 кыргызстандыктын келиши күтүлүүдө.

Маалыматка ылайык, жарандарды мекенине кайтаруу иштери Тышкы иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлүүдө.

Жидда – Бишкек жана Жидда – Ош багыттары боюнча атайын авиакаттамдар министрликтин демилгеси менен уюштурулган.

5-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 20
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X