Сауна, мончо жана коомдук тамактануу тармагына салык төмөндөтүлөт

12-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 227

Кыргыз Республикасында сауна жана мончо кызматтарын көрсөткөн, ошондой эле коомдук тамактануу тармагында иш алып барган субъекттер үчүн бирдиктүү салыктын ставкалары төмөндөтүлөт. Бул тууралуу өлкө башчысынын «Салык салуу жана салыктык башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык белгилүү болду.

Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, сауна жана мончо кызматтары үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы 8 пайыздан 5 пайызга чейин кыскартылат.

Коомдук тамактануу тармагында иштеген ишканалар үчүн болсо ставка Бишкек жана Ош шаарларында 5 пайыз, ал эми республиканын калган аймактарында 3 пайыз өлчөмүндө белгиленет.

Ошондой эле документке ылайык, алдын ала төлөмдөр боюнча салык төлөө талабы турак жай жана турак жай эмес жайларды алгачкы жолу сатуу менен алектенген ишкерлерге гана колдонулат. Бул категория үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы төлөмдүн түрүнө карабастан 4 пайыз деңгээлинде сакталат.

Сунушталган өзгөртүүлөр фискалдык программалык камсыздоону киргизүү боюнча пилоттук долбоордун жыйынтыктарынын негизинде иштелип чыккан. Долбоор ишкерликте ачык-айкындуулуктун жогорулашын жана кирешелердин өсүшүн көрсөткөн.

Мындан тышкары, салыктын ставкаларын төмөндөтүү ишкерлер үчүн салыктык жүктү азайтып, бизнес чөйрөсүн өнүктүрүүгө жагымдуу шарт түзөрү белгиленет.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X