Саясатчылардын жардамчыларын жогорку кызматтарга дайындоого чектөө сунушталды

2-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 194

Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети мамлекеттик саясий кызматкерлердин жана муниципалдык жетекчилердин жардамчылары үчүн эмгек стажына коюлган милдеттүү талапты алып салууну караган мыйзам долбоорунун концепциясын биринчи окууда жактырды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери жардамчылар жетекчинин ишениминин негизинде дайындаларын белгилешүүдө. Алардын айтымында, мындай кызматтарга кадрларды тандоодо эмгек стажына караганда кесипкөйлүк, ишенимдүүлүк жана милдеттерди ыкчам аткаруу жөндөмү маанилүү болушу керек.

Комитеттеги талкуу маалында депутаттар жардамчылардын кыска мөөнөттө жогорку кызматтарга дайындалган учурлары коомчулук тарабынан сынга алынганын эске салышты.

Ушуга байланыштуу мыйзам долбоорунун авторлору жардамчыларды кызматка дайындалгандан кийинки алгачкы бир жыл ичинде жогорку кызматтарга которууга чектөө киргизүү мүмкүнчүлүгүн экинчи окууда кароого даяр экенин билдиришти.

Жыйынтыгында комитет мыйзам долбоорунун концепциясын колдоду.

2-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 194
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X