“Себепсиз чыгарылган эмес” министрлик карылар үйүндөгү жагдайды түшүндүрдү
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги активист Руслан Шеринбеков тарабынан айтылган “Нижне-Серафимовкадагы карылар үйүндөгү улгайган жарандар себепсиз чыгарылып жатат” деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, 1961-жылы туулган И.С. аттуу жаран 2024–2026-жылдары Нижне-Серафимовкадагы улгайган жарандар үчүн стационардык мекемеде мамлекеттик камсыздоодо социалдык кызмат алып келген.
Расмий маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы №273 токтому менен бекитилген минималдуу социалдык стандарттарга ылайык, ички тартип эрежелерин үч жана андан көп жолу бузган жарандар стационардык мекемеден чыгарылат.
Министрлик И.С. аттуу жаран карылар үйүнүн жашоо эрежелерин бир нече ирет бузганын, медициналык кызматкерлерге асылганы жана кол көтөрүү фактылары катталганын маалымдап, ал мекемеден өз арызы менен чыгарылганын белгиледи.
Ошондой эле министрлик пенсия маселесине да түшүндүрмө берди. “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамга ылайык, пенсия алуу укугу жок эркектерге 65 жаштан, аялдарга 60 жаштан тартып 2000 сом өлчөмүндө жөлөк пул дайындалат. И.С. аттуу жаран 65 жашка 2026-жылдын июль айында гана толору айтылды.
Министрлик журналисттерди жана активисттерди коомчулукка так жана текшерилген маалыматтарды гана таратууга чакырды.