Сейдегүл Анаркулова, ишкер: Аялдарга жеңилдик жаратайын деген ой чоң ишке айланды
Кээде чоң ийгиликтер чоң капиталдан эмес, жөнөкөй турмуштук түйшүктөн башталат. Ошол түйшүк туура ниет, туруктуу эмгек жана сабыр менен кошулганда, жүздөгөн адамдардын жашоосуна пайда алып келген ишке айланат. Мындай жол жеңил болбойт анда сыноо да, жоопкерчилик да, үй-бүлөлүк колдоо да кошо жүрөт.
Сейдегүл Анаркулованын өмүр жолу – түйшүктү мүмкүнчүлүккө, эмгекти ийгиликке айландырган өзгөчө тагдырдын үлгүсү. Мындай учурда мүмкүн эместей көрүнгөн нерсе да ишке аша турганы чындык. Ушул багытта биз «Сейдене» компаниясынын негиздөөчүсү Анаркулова Сейдегүл Тургунбаевна менен маек курдук.
– Сейдегүл айым, «Сейдене» компаниясын ачуу идеясы кандай жаралды? Кондитердик азыктарды даярдап, сатуу ишине эмне себеп болду?
– Чынын айтсам, бул бизнес акча табуу максатынан эмес, аялдардын түйшүгүн жеңилдетсем деген каалоодон башталган. Балдарымдын катар-катары менен үйлөнүү тойлору болду. Ошол эле учурда кайын атам дүйнөдөн өтүп, жылдыгын, ашын өткөрдүк. Жакшы да, оор да учурлар бир жылдын ичинде болуп, аябай түйшөлгөн мезгил болду.
Ошол учурда үйдө боорсок, каттама, салат жана башка дасторконго керектүү нерселердин баарын өзүбүз даярдадык. Аял кишиге мындай иштердин канчалык оор экенин ошол учурда сездим. “Эмне үчүн адамдарга даяр, сапаттуу азыктарды сунуштаган кызмат жок? Эгер адамдар керектүү нерселерди алдын ала буйрутма берип, даяр алып кетсе, аялдарга бир топ жеңилдик болмок” деп ойлондум. Ошондон кийин менде сапаттуу, даамдуу, элдин көңүлүнө жага турган азыктарды даярдаган чакан ишкана ачсам деген тилек пайда болду. Бул ойлор менен көпкө чейин жашадым. Чынында аялдын канаты – аны түшүнгөн жолдошу болот экен. Менде идея бар эле, бирок тажрыйба жок болчу. Ишти кантип баштайм деп өзүмчө чочулап жүрдүм. Жолдошума ойлорумду айтсам, ал бир да жолу «болбойт» деген жок. Тескерисинче: «Сенин колуңдан келет. Башта. Мен жаныңдамын», – деп турду. Ошол сөздөр мен үчүн чоң күч болду. Анын реакциясы абдан маанилүү болчу. Иштин башы ошол колдоодон башталды. Жолдошум убакытты созбой тез эле керектүү жабдууларды алып берди.
Бул тармак боюнча атайын билимим жок болгондуктан, ишти эмнеден баштаарымды билбей калдым. Алынган жабдуулар үйдүн унаа коюучу жайында жарым жылдай туруп калды. Себеби үй-бүлө үчүн жасаган нерсе башка, ал эми элге сунуштай турган продукцияны даярдап алып чыгуу таптакыр башка нерсе экен. Бирок, боло турган иштин жолу өзү ачылат тура.
Ошентип ишти баштай албай жүргөндө, курбу кызымдын жолдошу Россиядан эс алууга келди. Ал жакта нан азыктарын бышырган жерде иштечү экен. Курбу кызыма кайрылып, бизге келип үйрөтүп кетүүсүн сурандым. Ал макул болуп, келип үч күндүн ичинде көп нерсени үйрөттү. Кийин Россияга кетпей, биз менен дээрлик бир жыл иштеп, чоң жардамын тийгизди.
– Алгачкы кадамдар кандай болду?
– Албетте, жаңы ишти баштоо оңой болгон жок. Сырттан караганда бирөөнүн жасап жатканы оңой көрүнө берет да. “Чымчыкты сойсо да, касапчы сойсун” дегендей ар бир ишти билген адамдын кылганы жакшы. Абдан көп каталарды кетирдим. Башында жасаган продукцияларды оңой эле сатып жиберем деп ойлогом. Алардын баары оңой болгон жок. Бирок адамда ниет, аракет жана эң негизгиси өмүрлүк жолдошуң бардык жагынан кубаттап, колдоп турса, акырындык менен баары болот экен. Биз сапатка, тазалыкка жана кардарлардын көңүлүнө жагууга өзгөчө көңүл бурдук. Биздин негизги максат — адамдарга сапаттуу кызмат көрсөтүп, алардын убактысын үнөмдөө жана дасторконун көркүнө чыгара турган даамдарды сунуштоо эле.
Алгачкы кадамдар биз үчүн чоң тажрыйба болду. Биринчи жасаган булочкаларыбыз ушунчалык даамдуу жасалгандыктан, алып бара турган жерибизге жетпей эле түгөнүп жатты. Кийин бул көрүнүш улам кайталана бергенде, өндүрүштү көбөйтүү керек экенин түшүндүм.
Ошол учурда рецептураларды өзгөртүп, баарын стандартка киргизүү зарылдыгы жаралды. Бирок бул тармакта тажрыйба дагы деле аз болгондуктан, билим алуу керек болду. Ар кандай ишкерлик боюнча курстарга катышып, өзүмдү өнүктүрүүгө аракет кылдым. Алматы шаарына барып, Саидмурат Давлатовдун тренингине катыштым, жеке кабыл алуусунда да болдум. Сүйлөшүү учурунда ал киши мага маанилүү кеңеш берди: “Эмнеге кыска ойлоносуз? Силерде, кыргыздарда ресторан-кафелерде берекелүү, кенен дасторкон жайылып, түрдүү тамак-аштар менен чоң тойлор өткөрүлөт. Ошол ресторандардын ээлери, администраторлору менен сүйлөшүп, жасап жаткан азыктарыңызды сунуштап көрүңүздөр”, – деди. Бул мен үчүн күтүлбөгөн, бирок абдан туура багыт көрсөткөн кеңеш болду.
Кыргызстанга келгенден кийин ресторандардын ээлери, администраторлору менен жолугуп, өз продукцияларыбызды сунуштай баштадым. Баары эле дароо кабыл алган жок. Албетте, кызыккандары да болду, айрымдары баш тартты. “Кристалл” ресторанынын администратору Данияр аттуу жигитке өзгөчө ыраазымын. Себеби ал: “Макул, көрөлү. Баарын өзүңүз даярдап, столго коюп, жоопкерчилигин өзүңүз аласыз”, – деди.
Ошентип, 30-40 столго жеткидей боорсок, булочка, балык, түрдүү выпечкаларды даярдап, алып барып коюп чыктык. Бул иш оңой болгон жок. Бирок дал ушул аракеттер иштин өсүшүнө чоң жол ачты. Бул тармакта иштеп жүрүп, продукцияны жөн гана даярдап койбостон, аны кардарга, ресторанга ылайыкташтыруу керек экенин түшүндүм. Кардарларга эмне жагат, дасторкондун көркүн эмне ачат, баарын ойлонуп иштей баштадык. Мисалы, чоң булочка кооз көрүнгөнү менен жегенге ыңгайсыз болушу мүмкүн. Ошондуктан аны майда, ыңгайлуу формада жасоого өттүк. Кондитердик таттуу азыктарды алып кетүүдө бузулбай тургандай кылып даярдоону үйрөндүк. Баштыкка салганда сынбай, формасын жоготпой жетиши үчүн майда-чүйдөсүнө чейин ойлондук.
Балык, тоок азыктарын да ресторанга жеткирүү учурунда сырткы көрүнүшүн бузбай, сактап калгыдай кылып даярдай баштадык. Мындан сырткары жаңы ассортименттер пайда болду. Ресторандардан заказдар көбөйгөн сайын, өзүм жалгыз жетишпей баштадым. Продукциянын жасалгасы, сапаты, даярдоо процесси стандартка жетиши үчүн кызматкерлерди көбөйтүп, аларга кылдат үйрөтүп баштадым. Алгачкы чакан пекарня бара-бара чоң бизнеске айланды. Отуздай адамды жумуш менен камсыз кылган ишканага жеттик. Көптөгөн жаштар менин колумдан үйрөнүп чыгып, өз алдынча иш башташты. Айрымдары Россияга барып, ушул тармакты улантышты. Бизде иштеп кеткен кыздар турмушунда чоң өзгөрүүлөргө жетишти. Алар дасторкон маданиятын, тамак-аш даярдоонун өзгөчөлүгүн билген, эмгекке бышкан адистер болуп чыгышты. Турмушка чыккан кыздардын кайын энелери келиндерин мактап, мага ыраазы болгондорун айтып журүштү. Биз иштетип жатып үйрөттүк. Бул биз үчүн жөн гана бизнес эмес, адамдарга кесип, тажрыйба жана мүмкүнчүлүк берген чоң мектеп болуп калды. Биз иштетип эле койгон жокпуз, үйрөттүк, тарбияладык, багыт бердик.
– Сиздердин башкаларга окшобогон өзгөчөлүгүңүздөр?
– Биздин цехтин өзгөчөлүгү — ар бир кызматкер иштин бардык баскычын өздөштүргөнүндө. Кээ бир жерлерде камыр жууруу, фарш даярдоо, камырды түйүү сыяктуу иштер өз-өзүнчө бөлүнүп, ар бир адам бир гана багытта иш алып барат. Мындай учурда бирөөнүн жасаганын экинчиси толук түшүнө бербеши мүмкүн. Биз болсо кызматкерлерибизди бардык процесске үйрөтүүгө аракет кылдык. Ар бири камыр жууруудан баштап, даяр продукция чыкканга чейинки бардык этаптарды билет. Бул бир жагынан сапатты көзөмөлдөөгө жардам берсе, экинчи жагынан ар бир кызматкердин жоопкерчилигин арттырат.
– Сиз ийгиликтин артында үй-бүлө турат деп айттыңыз. Сиздин турмуш жолуңузда бул нерсе канчалык маанилүү?
– Туура. Ачыгын айтканда, эгер жолдошумдун колдоосу болбогондо, балким бул иш ушундай деңгээлге жетет беле, билбейм. Иштин башында коркуу сезими менен кошо «Болобу, болбойбу?» деген күмөндөр көп болчу. Иш жаңы башталганда кыйынчылыктар, суткалап иштеген күндөр, кээде чарчап ыйлаган учурлар болду. Бирок жолдошум ар дайым: “Сен аракет кыл. Баары жакшы болот”- деп сөз менен эмес, иш жүзүндө жардам берип, колдоп турду. Кыйын учурда жанымда туруп, оорумду жеңилдетти. Үй-бүлөдө да, ишкерликте да эң негизги нерсе бири-бириңди түшүнүү жана сабырдуулук чоң роль ойнойт экен. Ошондой кыйынчылыкта мени кармап турган жалгыз нерсе – үй-бүлөмдүн колдоосу болду. Балдарым да акырындап бул ишке аралашты. Кийинчерээк жардам берүүгө, башкарууга, жаңы идея сунуштоого багыт алышты. Азыркы жаштардын көз карашы, ой жүгүртүүсү башкача. Алар бизнеске жөн гана акча табуу үчүн эмес, жашоо маданияты катары карашат. Алар эркин ойлонушат. Технологияны жакшы түшүнүшөт. Эстетиканы баалашат. Комфортко маани беришет.
– Сейдегүл айым, бүгүн сиздин иш тажрыйбаңыз көп жаштарга үлгү. Аларга кандай кеңеш бересиз?
– Жаштарга айтаарым, биринчи кезекте терең билим алуу зарыл. Билим – маңыздуу жашоонун пайдубалы. Андан кийин аракет, тынымсыз кыймыл, максат, жоопкерчилик болушу керек. Көп адамдар кыялданат, бирок аракет кылбайт. Ал эми кыял аракет менен коштолбосо, ал кыял бойдон кала берет. Ийгиликке жеткен жол дайыма түз болбойт. Каталар сөзсүз кетет. Ал аркылуу адам тажрыйба топтоп, туура чечим кабыл алууну үйрөнөт. Каталар адамды сындырбайт, тескерисинче көзүн ачат. Ийгилик ыңгайлуулукта эмес, күрөштө жаралат. Ийгиликке жетүүнү каалаган адам кыйынчылыктан качпашы керек. Комфортто отурган адам чоң натыйжага эч качан жетпейт. Ийгилик эмгек, сабыр, стресс, жоопкерчилик аркылуу келет. Ниет туура болсо, башталган ишке жол ачылат.
Мен бир нерсеге бекем ишенем. Эгер адамдын ниети таза, максаты туура, эмгеги чынчыл болсо, анын жолу сөзсүз ачылат. Биздин иш да адамдарга кызмат кылуу ниетинен башталды. Ошондуктан Алла Таала да жол ачты деп ойлойм. Бизнес жөн гана акча табуу эмес. Ишкерлигиң адамдарга пайда алып келсе, алардын жашоосун жеңилдетсе, убактысын үнөмдөсө, анда ал иш сөзсүз өнүгүп өсөт.
Бактыгүл Кулатаева