Сейсмологдор: Баткен аймагында жер титирөө катталды
Бүгүн, 23-июнда Кыргызстандын аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту маалымдады.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Эгин-Жай айылынан 8 чакырым түндүк-батышта, Баткен шаарынан 100 чакырым түштүк-чыгышта жана Ош шаарынан 105 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.
Адистердин билдиришинче, жердин силкинүүсү калктуу конуштарда сезилген эмес. Учурда жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат түшө элек.
Тиешелүү кызматтар кырдаалга көз салууну улантууда.