Сейтек Жумакадыр уулу Тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине жаңы орун басар дайындалды. Бул кызматка дипломатиялык тажрыйбасы 15 жылга жакын Сейтек Жумакадыр уулу келди.
Бүгүн, 27-июлда ал министрликтин жамаатына тааныштырылды. Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип жана ТИМ жетекчиси Жээнбек Кулубаев жаңы жетекчиге ийгилик каалап, алдыда турган милдеттерди натыйжалуу аткарууга тилектеш экенин билдиришти.
Сейтек Жумакадыр уулу 2011-жылдан бери Тышкы иштер министрлигинде эмгектенип, стажерлуктан Консулдук департаменттин директорлугуна чейин жеткен. Ал англис, кытай жана түрк тилдерин билет, Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи дипломатиялык рангына ээ.
Аны министрдин орун басары кызматына дайындоо тууралуу тескемеге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.