Сел коркунучу жогору аймактар белгилүү болду

29-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 177

Кыргызстанда эң көп сел кырсыгы Жалал-Абад облусунда катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

Министрликтин маалыматына ылайык, Жалал-Абад облусунда жалпысынан 89 сел жүргөн. Ош облусунда 83 сел кырсыгы катталган.

Ошондой эле Баткен, Нарын жана Талас облустарында да сел кырсыктары көп катталган.

ӨКМ жарандарды туруксуз аба ырайы учурунда коопсуздук эрежелерин сактоого жана расмий эскертүүлөргө көңүл бурууга чакырат.

29-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 177
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X