Сел кырсыгы учурунда социалдык кызматкерлер элге көмөк көрсөтүүдө

26-май, 2026-ж. / Редакция / Коом 173

Кара-Суу райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Нурланбек Кочкорбаев социалдык кызматкерлер менен биргеликте селден жабыркаган аймактарда жеринде иш алып барып, тургундардын абалы менен таанышууда. Алар кырсык катталган айылдардагы үйлөрдү кыдырып, тазалоо иштерине көмөк көрсөтүп, жарандарга моралдык жана социалдык колдоо көрсөтүшүүдө.Возможно, это изображение дерево

Алдын ала маалыматтарга ылайык, Сары-Колот айылында 50 турак үй селден жабыркап, анын ичинен 1 турак үй жана 6 сарай авариялык абалга келген. Мындан сырткары, жаратылыш кырсыгынын кесепетинен көптөгөн үй-бүлөлөр материалдык чыгымга учураган.

Өзгөчө көңүл бурууну талап кылган жагдай  аталган аймакта социалдык жактан аярлуу катмардагы жарандардын көптүгү. Тактап айтканда, айыл аймагында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 161 жаран, 6 жалгыз бой карыя, 5 тоголок жетим бала, 10 ооган согушунун ардагери жана социалдык контракт аркылуу мамлекет тарабынан колдоо алып жаткан 198 жаран жашайт.Нет описания фото.

Учурда социалдык кызматкерлер сел жүргөн бардык айыл аймактарында ыкчам иш алып барып, үймө-үй кыдыруу аркылуу тургундардын абалын жеринен тактоодо. Ошондой эле биринчи кезектеги муктаждыктар аныкталып, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө тиешелүү көмөктөрдү уюштуруу иштери жүргүзүлүүдө.Возможно, это изображение один или несколько человек

Жергиликтүү тургундар социалдык кызматкерлердин жоопкерчилигин, ыкчам аракетин жана элге болгон кайдыгер эмес мамилесин жогору баалашууда. Алар кызматтык милдетин гана аткарбастан, оор кырдаалда элге дем берип, коомдогу биримдиктин жана адамгерчиликтин үлгүсүн көрсөтүп жатышат.

Кыйын учурда калк менен бирге болуп, жардам колун сунуп жаткан социалдык кызматкерлердин эмгеги чыныгы кесипкөйлүктүн жана мекенчилдиктин үлгүсү катары бааланууда.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X