Селден кийинки колдоо. Турак жай ээлерине камсыздандыруу кенемтелери берилди

9-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 138

2026-жылдын 3-майында Ош облусунун Араван районунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, бир катар турак жайлар жабыркаган.

Табигый кырсыктан жабыр тарткан жарандарга камсыздандыруу кенемтелерин тапшыруу максатында Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары Айдралиев Закир Токтобекович окуя болгон жерге барып, камсыздандыруу төлөмдөрүн жеке өзү тапшырды.

Камсыздандыруу төлөмдөрү турак жайларын камсыздандырган жарандарга мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлдү.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму табигый кырсыктардан жабыркаган жарандарды колдоо иштерин улантып, камсыздандыруу кенемтелерин өз убагында төлөп берүү боюнча иштерди ырааттуу жүргүзүүдө.

9-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 138
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X