Селден жабылган Терек–Чаты–Терек жолунда бир тараптуу каттам ачылды

3-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 154

Бүгүн, 3-июлга карата Терек–Чаты–Терек автожолунун 5-чакырымына чейинки тилкесинде жүргөн селдин кесепеттери жоюлуп, жолдо бир тараптуу каттам уюштурулду. Учурда тазалоо иштери уланууда.

Ошондой эле Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу автожолунун 106–110-чакырымдарындагы сел түшкөн тилкелерде жолду кеңейтүү жана тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Тазалоо иштерин №26 Жол эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери атайын техникалардын жардамы менен ыкчам аткарууда.

Эске салсак, 2-июль күнү саат 16:30 чамасында Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу автожолунун 106–110-чакырымдарында жана Терек–Чаты–Терек автожолунун 5-чакырымына чейинки тилкесинде сел жүрүп, жолдор убактылуу жабылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында эки тилкеде тең бир тараптуу каттам калыбына келтирилди.

Тийиштүү кызматтар тазалоо иштерин улантып, кырдаалга көзөмөл жүргүзүүдө.

3-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 154
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X