Селден жабыркаган аймактарда ичүүчү суунун сапаты текшерилип, санитардык көзөмөл күчөтүлдү
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Баткен, Ош жана Талас облустарында 19–21-июнь күндөрү катталган сел кырсыктарынан жабыркаган аймактардагы санитардык-эпидемиологиялык абалга туруктуу мониторинг жүргүзүүдө.
Министрликтин маалыматына ылайык, жабыркаган калктуу конуштарда санитардык-эпидемиологиялык кызматтар тарабынан алдын алуу жана эпидемияга каршы иш-чаралар уюштурулуп, аймактарда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле ичүүчү суунун сапатына лабораториялык көзөмөл жүргүзүлүп, алынган үлгүлөр текшерүүгө жөнөтүлдү.
Мындан тышкары, жергиликтүү тургундар арасында санитардык-агартуу иштери жүргүзүлүп, жугуштуу оорулардын жайылышынын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери уюштурулууда.
Ош облусунда адистер тарабынан үймө-үй кыдыруулар жана сурамжылоолор өткөрүлдү. Алдын ала жыйынтыктар боюнча жугуштуу оорулардын учурлары жана эпидемиологиялык абалдын начарлашын көрсөткөн белгилер аныкталган жок.
Баткен жана Талас облустарында санитардык кызматтар жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте суу булактарынын жана калктуу конуштардын абалын көзөмөлдөөнү улантууда.
Саламаттык сактоо министрлиги селден жабыркаган аймактарда санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл күчөтүлгөнүн жана калктын саламаттыгына болгон мүмкүн болуучу коркунучтарды алдын алуу боюнча иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатканын билдирди.
21-июнга карата аймактардагы эпидемиологиялык абал туруктуу. Жугуштуу оорулардын топтолгон учурлары катталган жок.