Сени тиктеп, кулайт улам карегим
Кыргыз поэзиясынын көрүнүктүү өкүлү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Атантай Акбаров улуттук адабияттын өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп келе жаткан чыгаан калемгерлердин бири. Анын чыгармалары окурмандардын жүрөгүнөн орун алып, кыргыз сөз өнөрүнүн байлыгын дүйнө коомчулугуна таанытууга кызмат кылып келет. Акындын китебинин улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүрүнүн бир бөлүгү өткөн Люксембургдагы иш бөлмөсүнө коюлушу – кыргыз адабиятына көрсөтүлгөн сый-урматтын жана чыгармачыл мурастын эл аралык деңгээлде баалангандыгынын айкын белгиси.
Бул окуя Атантай Акбаровдун чыгармачылыгынын баалуулугун дагы бир жолу тастыктап, кыргыз руханиятынын дүйнөлүк маданий мейкиндиктеги ордун бекемдейт. Анын поэзиясы адамдык асыл сапаттарды, мекенчилдикти жана руханий бийиктикти даңазалап келет. Төмөндө акындын чыгармачылыгы жөнүндө сөз кылабыз:
ӨБӨТ СЕНИ ЖҮРӨГҮМ
Кай бирине эрмек болсо махабат,
Канча жандар көз жашына чөгүшөт.
Сүйүү үчүн хандар дагы жүгүнүп,
Сүйүү үчүн дөөлөр дагы өлүшөт.
Жалаң гана бүткөн өңдүү күлкүдөн,
Жалжал көзүм, жадырайсың турасың…
Бутум кайда… сени көздөй шилтөөгө,
Колум кайда… кулпу турат кулачым.
Өзүңө арнап гүлүн терген сөзүм жок,
Өрттөп салган белем баарын сезим от.
Сендиректеп өзүм билбей турамын,
Сенин эрдиң даап өпчү… эрдим жок.
Альпинисттей аласалган зоокадан,
Сени тиктеп, кулайт улам карегим,
Кучактачу кулач жогун унутуп,
Кумарланып өбөт сени жүрөгүм…
Эс-мас болуп өбөт сени жүрөгүм!!!
Атантай Акбаровдун “Өбөт сени жүрөгүм…” деген бул ыры сүйүүнүн адамдык аң-сезимден ашып, руханий-интуитивдик деңгээлге көтөрүлгөн абалын чагылдырган лирикалык чыгарма экен. Ырдын эң башкы өзгөчөлүгү – сезимдин тышкы аракеттер аркылуу эмес, ички руханий энергия аркылуу берилгендигинде. Акын сүйүүнү жөн гана эки адамдын мамилеси катары эмес, адамдын бүтүндөй болмушун багындырган космостук күч катары көрсөткөн.
Ырдын биринчи строфасы жалпы философиялык экспозиция кызматын аткарат:
“Кай бирине эрмек болсо махабат,
Канча жандар көз жашына чөгүшөт.
Сүйүү үчүн хандар дагы жүгүнүп,
Сүйүү үчүн дөөлөр дагы өлүшөт…”
Сүйүүнүн универсалдуулугу менен трагедиясын караңыз, бул жерде акын сүйүүнүн парадоксалдуу табиятын ачып берген. Бирөөлөр үчүн сүйүү жеңил баа, эрмек болсо, чыныгы сүйүшкөндөр үчүн өмүрдүн эң оор сыноосу болуп турат. Караңызчы окурман, акыркы эки сап күчтүү антитезага курулган. “Хандар жүгүнөт”, “дөөлөр өлүшөт” – деген образдар сүйүүнүн алдында Кудайдан кийинки бийлик да, эбегейсиз зор күч да алсыз экенин так көрсөтүп турат.
Бул идея дүйнөлүк адабияттагы көптөгөн чыгармалар менен үндөшөт. Мисалы, Уильям Шекспир сүйүүнүн адам тагдырын өзгөрткөн күчүн “Ромео менен Жульетта” чыгармасында ачып берсе, Алишер Новои “Лайли менен Мажнун” аркылуу сүйүүнүн адамды трагедияга жеткирген психологиялык тереңдигин чагылдырган. Атантай
Акбаров ошол салтты кыргыз поэзиясынын тили менен кыргыз кыртышында эркин улантып баратканын көрүүгө болот. Бул строфадагы ой жалаң жеке сүйүү жөнүндө эмес, адамзат тарыхындагы эң күчтүү эмоционалдык мыйзам тууралуу философиялык байкоо болуп саналат.
Экинчи строфа сүйүктүүнүн портретин эмес, анын таасирин сүрөттөйт:
“…Жалаң гана бүткөн өңдүү күлкүдөн,
Жалжал көзүм, жадырайсың турасың…
Бутум кайда… сени көздөй шилтөөгө,
Колум кайда… кулпу турат кулачым…”
Бул жерде сүйүктүүнүн сырткы келбети жөнүндө конкреттүү маалымат дээрлик жок. Бирок, анын ички энергиясы бар. Ал күлкүдөн жаралгандай сезилет. Бул строфада сүйүктүүнүн нуру, лирикалык каармандын алсыздыгы баяндалат. “Бутум кайда”, “колум кайда” – деген суроолор физикалык алсыздыкты эмес, сүйүүнүн алдында адамдын эркинин убактылуу шал болушун билдирет. Лирикалык каарман сезимдин күчүнөн өз денесине өзү ээ боло албай калганын укмуштай сонун туюнтат.
Мындай психологиялык абал Франческо Петрарканын Лаурага арналган сонеттерин эске салат. Ф. Петрарка да сүйүктүүсүн конкреттүү сүрөттөбөстөн, анын таасирин гана сүрөттөгөн. Ошол сыяктуу эле Атантай Акбаровдун лирикалык каарманы сүйгөн адамынын алдында ички дүйнөсүнүн зилзала абалга кабылганын башынан өткөрөт. Бул строфанын көркөм күчү, кыл калемгердин кыймылсыздык аркылуу сезимдин улуулугун сүрөттөп берүүсүндө жатат.
Үчүнчү строфа ырдын психологиялык борбору:
“…Өзүңө арнап гүлүн терген сөзүм жок,
Өрттөп салган белем баарын сезим от.
Сендиректеп өзүм билбей турамын,
Сенин эрдиң даап өпчү… эрдим жок…”
Бул жерде лирикалык каарман өзүнүн мүмкүнчүлүгү тууралуу ой жүгүртөт. Сүйүктүүгө арналган кооз сөздөр табылбайт. Себеби, сезим алардын баарынан күчтүү. Бул строфада сөздүн алсыздыгы менен сезимдин күчтүүлүгү мыкты баяндалган. “Сезим от” метафорасы өтө ийгиликтүү табылга болгон. Ал Атандай Акбаровдой классик акындын калеминин курчтугу менен сөздөрдү күйгүзүп салган кудурет катары көрсөтүлгөн. Башкача айтканда, сүйүү сөздөн мурда жаралган, сөздөн бийик турган кубулуш экенин аныктап берген.
Акыркы саптагы: “…Сенин эрдиң даап өпчү… эрдим жок…” – деген сөз кыргыз поэзиясындагы эң көркөм табылгалардын бири катары бааланууга татыктуу. Мындай так көрсөтүлгөн маанилүү поэтикалык табылгаларды:
“…Ишенсең Барпы сөзүнө,
Ишаарат берчи өзүмө,
Илебиңден чыккан от,
Ирмеле түшсүн көзүмө…” – деген Барпынын сүйүү лирикаларынан көрүүгө болот. Бул строфа сүйүүнүн эң назик абалын жакындыкка умтулуу менен ошол эле учурда сүйгөнүнүн алдында уялып-тартынуунун драмасын ачып берген.
Акыркы строфаны ырдын көркөм кульминациясы десек болот:
“…Альпинисттей аласалган зоокадан,
Сени тиктеп, кулайт улам карегим,
Кучактачу кулач жогун унутуп,
Кумарланып өбөт сени жүрөгүм…”
Бул строфада ырдын эң оригиналдуу метафоралары орун алган. Каректин кулашы жөн гана кароо эмес, сүйүктүүгө руханий жактан боюн таштоо. “Альпинисттей аласалган зоокадан” образы сүйүүнүн кооптуу, бирок азгыруучу бийиктигин туюнтуп турат. Андан ары акын эң негизги идеяга келет:
“…Кучактачу кулач жогун унутуп,
Кумарланып өбөт сени жүрөгүм…”
Сүйгөнүнө лирикалык каармандын колу жетпейт, бирок жүрөгү жетет. Бул өтө жогорку даражадагы поэтикалык жалпылоо. Дене физикалык жактан жасай албаган нерсени рух жасайт. Материалдык чектөөлөрдүн баарын сезим жеңип чыгат. “Эс-мас болуп өбөт сени жүрөгүм!!!” – деген сапта жүрөк өз алдынча аракет кылган каарманга айланат. Бул поэзиядагы персонификациянын эң ийгиликтүү мисалдарынын бири экенин ким жокко чыгара алат?! Мындай руханий бийиктик Жалаладдин Руминин сүйүү жөнүндөгү мистикалык поэзиясын эстетет.
Ж.Руми үчүн сүйүү рухтун тили болсо, Атантай Акбаров үчүн сүйүү жүрөктүн денеден көз карандысыз аракетке өтүшүн далилдейт.
Акындын поэтикалык чеберчилиги менен ырдын көркөм артыкчылыктарына назар салсак: Табигый сүйлөө интонациясы аркылуу ыр жасалма пафоско эмес, чыныгы ички толкунданууга негизделген. “Каректин кулашы”, “сезим оту”, “жүрөктүн өбүшү” сейрек кездешкен күчтүү метафоралар. Психологиялык таасирине саресеп салсак: Сүйүүнүн тартынуу, толкундануу, алсыздануу өңдүү абалдары ишенимдүү берилген. Жеке сезим жалпы адамзаттык деңгээлге көтөрүлгөн философиялык ойду чебер баяндаган. Көркөм сөз каражатындагы “эрдим жок” сыяктуу лексикалык сөз айкаштары чыгарманын эстетикалык салмагын күчөткөнүн кантип айтпай коюуга болот.
Кыскарта чаап айтсак, “Өбөт сени жүрөгүм…” кыргыз адабиятынын сүйүү лирикасындагы назик психологиясы, көркөм метафоралары, анан да руханий тереңдиги менен айырмаланган мыкты чыгарма. Атантай Акбаров сүйүүнү сырткы романтикалык көрүнүштөр аркылуу эмес, адамдын ички дүйнөсүндөгү баалоо, тартынуу, куса болуу менен руханий умтулуу аркылуу чебер ачып берген. Ырдын эң чоң жетишкендиги, сүйүүнү сөз менен эмес, сөз жетпей калган жерден башталган жүрөктүн үнү аркылуу, жүрөктүн кучактоосу аркылуу абдан бийик деңгээлде сүрөттөй алгандыгында.
Биз акындын бир эле ырын объект катары алып карадык. Атантай Акбаровдун жалпы эле махабат ырларындагы лирикалык энергия, психологиялык чынчылдык менен көркөм табылгалар аны дүйнөлүк адабияттагы махабат лирикаларынын классикалык салттары менен бир катарда карап, баалоого мүмкүнчүлүк түзөт. Акыркы учурларда дүбүртү Москва, Париж, Лондондон угула баштаган Атантай агага узак өмүр, чыгармачылык ийгилик каалайбыз! Амандык болсо, учуру келгенде акындын жалпы чыгармачылыгына кеңири токтолобуз.
Бахпурбек Аленов