Сертификат берүү автоматташтырылат: Касымалиев тиешелүү органдарга тапшырма берди
Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев шайкештик сертификаттарын берүүнүн автоматташтырылган системасын ишке киргизүү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.
Кеңешмеде мамлекеттик органдардын өкүлдөрү системаны иштеп чыгуу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат беришти. Анда маалыматтык системалардын өз ара аракеттенүүсү жана интеграциясы, ошондой эле тиешелүү документтерди иштеп чыгуу жана берүү тартиби талкууланды.
Жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга системаны ишке киргизүүгө байланыштуу бир катар тапшырмалар берилди.