Шаар күнүнө карата портреттер көргөзмөсү уюштурулду
С. А. Чуйков атындагы Мемориалдык үй-музейнде сүрөтчү Валерий Руппельдин «Рисунок – Портрет» аттуу көргөзмөсү өттү. Иш-чара шаар күнүнө карата уюштурулду.
Көргөзмөнүн алкагында көмүр менен тартылган шаар тургундарынын портреттери сунушталып, салттуу сүрөт тартуу ыкмасы менен заманбап технологиялардын айкалышы чагылдырылды. Автор чыгармачылык процессинде смартфонду колдонуу аркылуу жаңы визуалдык чечимдерди сунуштап, адамдын ички дүйнөсүн жана заманбап коомдун образын ачып берүүгө аракет кылган.
Экспозицияда адамзаттын өзүн билдирүүгө болгон умтулуусу байыркы үңкүр сүрөттөрүнөн тартып бүгүнкү күнгө чейинки үзгүлтүксүз процесс катары көрсөтүлгөн.
Иш-чарага Бишкек шаардык мемориалдык музейлердин бириккен дирекциясынын директору Арман Момаханова, Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын өкүлү Асел Салыбекова, ошондой эле сүрөтчүлөр жана чыгармачыл коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Белгилүү болгондой, Валерий Руппель 1948-жылы туулган жана Кыргызстан Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Ал 1968-жылы Нижний Тагил шаарындагы Урал прикладдык искусство окуу жайын аяктаган. Сүрөтчүнүн эмгектери Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт музейинде, Москва Кремлинин музейинде, ошондой эле Швейцария, Германия жана АКШдагы жеке коллекцияларда сакталууда.
Көргөзмө салттуу искусство менен заманбап визуалдык практикаларды айкалыштырган маанилүү маданий окуя катары бааланды.