Шаардагы эки конушта суу убактылуу өчүрүлөт

17-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 19

Үстүбүздөгү жылдын 19-февралында Бишкек шаарындагы Калыс-Ордо жана Мурас-Ордо конуштарында суу топтомосунда жүргүзүлө турган оңдоо иштерине байланыштуу ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүш объектилерине суу берүү саат 9:00дөн 21:00гө чейин токтотулат.

17-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 19
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X