Шаардык кеңештин «Ынтымак» фракциясы вице-мэр Узаковдун ишине нааразы

28-сентябрь, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Саясат 17

Бишкек шаардык кеңешинин «Ынтымак» фракциясы борбордун вице-мэри Азат Узаковдун ишине нааразычылык билдиришти. Мындай пикирин алар шаардык парламенттин кезектеги жыйынында билдиришти.

«Шаардын вице-мэри «Ынтымак» фракциясынын жыйындарына, эл менен болгон жолугушууларга келбейт. Биз анын мындай кадамдарын саботаж катары карайбыз», — деди депутат Казыбек Эргешов. Анын мындай сунушун дагы эки депутат колдоого алды.

«Биздин чечимди эске алуу менен, тиешелүү чараларды көрүңүз», деди депутат калаа мэри Айбек Жунушалиевге кайрылып.

28-сентябрь, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Саясат 17
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X