Шахматты өнүктүрүүнү жалпы колдойлу
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун “2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү жана популярдаштыруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгы жаш муундардын интеллектуалдык өнүгүүсүнө кеңири шарт түзүүчү саясий чечим болду. Жарлыкка ылайык, 2026-жылдын 1-сентябрына чейин 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүүнүн жана популярдаштыруунун комплекстүү улуттук программасынын долбоорун даярдоо; Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү фондун түзүү; 500 жалпы билим берүү уюмуна шахмат ийримин киргизүү; «Жылдын мыкты шахматчысы», «Шахмат боюнча жылдын мыкты машыктыруучусу» номинациялары боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын сыйлыктарынын уюштурулуусу өлкөбүздө шахматты өнүктүрүү багытындагы чечкиндүү кадамдар экени талашсыз. Жалпы билим берүүчү мектептердин башталгыч класстарына шахмат ийримин киргизүү билим берүү реформасынын жана 12 жылдык мектептик окуу структурасынын алкагында окуу мазмунунун гана эмес, окутуу ыкмаларынын жана балдардын окуулук көндүмдөрүн дагы өркүндөтүүгө өбөлгө болмокчу.
Шахмат менен алектенүүдөгү түпкү максаттар болуп шахмат ойноону үйрөнүү аркылуу окуучулардын инсандык жана интеллектуалдык өнүгүүсүнө шарт түзүү, жалпы маданиятты калыптандыруу жагдайында:
— Окуулук, билим берүүчүлүк максатында- шахмат ойногонду, шахматтык эрежелерди, оюндун жүрүшүндө шахматтык методдорду жана ыкмаларды пайдалана билүү;
— Өнүктүрүүчүлүк максатында- логикалык ой жүгүртүү, абалды серептөө жана туура чечимдерди кабыл алуу, туура багытты тандап алуу жөндөмдөрүн калыптандыруу жана арттыруу;
— Тарбиялоочулук максатта- күрөшкерлик мүнөздү, тырышчаактыкты, ченемди жана эрежелерди сактоону, өздүк көзөмөл жана убакытты баалоо жөндөмүн, максатка жетүү үчүн талыкпай иштөөнү, жолдоштук жана бири-бирин колдоо сезимин (өзгөчө командалык мелдештерде) калыптандыруу;
— Компетенттикти тарбиялоодо- ар түрдүү абалдарда туура жана эң жакшы чечимдерди иштеп чыгуу, кабыл алуу жөндөмдөрүн калыптандыруу.
Кыргызстандын мектептеринде балдарды окутууда ББКдан (билим, билгичтик, көндүм) компетенттүүлүккө кошумча басым жасалуу мезгилинде шахматтын ролу калетсиз — шахматчы ар дайым ар түрдүү абалдарда жана шарттарда туура жана эң жакшы жыйынтыкты (чечимди) чыгаруу үстүндө иштейт.
Төмөнкү маселелерди чечүү менен бул максаттарга жетүү ишке ашырылат.
Шахмат ойноо мезгилинде окуучу каршылашынын жүрүшүнөн кийин- “эмне үчүн мындай жүрүштү жасады” суроосуна жооп издеп, өзүнүн бир нече каршы жүрүштөрүн ойлонот. Каршылаштын жүрүшүнө каршы өзүнүн бир нече варианттагы жүрүштөрүнө талдоо жүргүзгөн соң, “кайсы жүрүш көбүрөөк максаттуу болот суроосуна” өзүнө жооп издеп, сынчыл ой жүгүртүү ыкмасын өздөштүрөт. Ал эми шахмат партиясы учурунда окуучу абалдын андан аркы өөрчүшүн, каршылаш оюнчунун аракетин аңдап билүүгө үйрөнүп, өз максатына жетүү үчүн кандай кадамдарды жасоону ойлонуп стратегиялык ой жүгүртүү касиетине ээ болот. Өзүнө берилген чектелген убакыт ичинде шахматчы мүмкүн болгон жүрүштөрдүн ичинен эң татыктуусун тандоого үйрөнүү менен рационалдуу ой жүгүртүү көндүмүнө ээ болот. Шахмат партиясын ойноодо оюнчу жасай турган жүрүштөрүн фигуралардын тактадагы кыймылдарын элестетүү менен бирге мейкиндик (пространственное) ой жүгүртүү ыкмасын өздөштүрөт. Шахматчы жүрүштөрүн ой тутумунда эсептеп, мерчемдеп жасайт, б.а. план түзгөнгө машыгат. Бала өзүнүн жана каршылаштын жүрүштөрүн мээсинде эсептеп келип, талдоо менен түпкү кандай максатка жетээрин аныктап, өзүнчө абс-
тракттуу абалды элестетет, башкача айтканда абстракттуу ой жүгүртө билүү жөндөмүн өздөштүрөт. Шахмат акыл оюну болгондуктан ойду топтогонго, көңүлдү бура билүүгө, эс тутумду жакшыртууга өбөлгө түзөт.
Шахмат менен алектенүү (шахмат ойноо, шахматтык эсептерди чыгаруу, шахмат китептерин окуп, теориясын үйрөнүү, мелдештерге катышуу) аркылуу окуучу мектептик жалпы билим берүү системасынын негизги компетенттүүлүктөрү болуп эсептелинген:
— маалыматтык компетенттүүлүккө –окуучулардын маалыматты өз алдынча издөөгө, талдоого, тандоого, иштеп чыгууга, анын аныктыгын тактоого, жүйөлүү тыянактарды түзүүгө, сын көз караш менен түшүнүүгө жана өз ишин пландаштыруу жана ишке ашыруу боюнча туура чечимдерди кабыл алууга;
— социалдык-коммуникациялык компетенттүүлүккө, өзүнүн умтулуусун башка адамдардын кызыкчылыктары менен туура келтирүүгө, ар түрдүү позицияларды таануу менен башка адамдардын баалуулуктарына (маданий, диний, этностук, гендердик, инсандык) сый мамиле жасоонун негизинде өзүнүн көз карашын коргой билүүгө; мекенди сүйүүгө, маданий көп түрдүүлүктү түшүнүүгө;
— өзүн-өзү таануу жана көйгөйлөрдү чечүү компетенттүүлүгүнө өзүнүн артыкчылыктуу касиеттерин, инсандык, жеке өзгөчөлүктөрүн, жекече психологиялык жана жүрүм-турумдук мүнөздөмөлөрүн өзгөртүү боюнча максаттуу багытталган ишке жөндөмдүүлүгүнө, окуу жана турмуштук кырдаалдардагы көйгөйлөрдү жана карама-каршылыктарды табуу жөндөмдүүлүгүнө, сынчыл ой жүгүртүү көндүмдөрүн жана изилдөөчүлүк, чыгармачыл жана долбоордук иштерди аткаруу үчүн талдоону колдонуу менен аларды чечүүнү пландаштыруу жана өз алдынча же башка адамдар менен өз ара аракеттенүү менен чечүүгө ээ болууга кошумча мүмкүнчүлүк алат.
Союз мезгилинде Москва, Рига шаарларында башталгыч мектептерде шахмат сабагы киргизилген класстарда окуучулардын жалпы эле сабактарды өздөштүрүүсү жакшырганы белгилүү. Кийинки мезгилдерде Россиянын жана Казакстандын мектептеринде шахмат сабагынын киргизилиши өз натыйжасын берүүдө. Белгилүү педагог В.Сухомлинский, академик Г.Клаус, профессорлор Н.Талызина жана Н.Вайзман шахмат сабагынын пайдалуулугун белгилешкен, изилдөө жүргүзүшкөн. Ал эми 1998-жылы ЮНЕСКО көп жылдык изилдөөдөн кийин шахматтын баланын, өзгөчө кенже жаштагы, өнүгүүсүнө оң таасир берээрин белгилеп, шахматты башталгыч мектептердин программасына киргизүү тууралуу сунушун берген.
Шахматты мектеп программасына киргизүү боюнча иштер тиешелүү уюмдар тарабынан жүргүзүлөөрү белгилүү. Окуу программаларын түзүү, мугалимдерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, шахмат сабагынын мектептик бөлөк предметтер менен айкалышын чечүү, мониторинг жүргүзүү аркылуу долбоордун жүрүшүн баалоо жана өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу агартуу министрлиги, анын структуралык мекемелери аркылуу турмушка ашырылуусу турган иш. Шахматты элге популяризациялоо, б.а. коомго кеңири жайылтуу боюнча төмөнкү сунуштарды бермекчимин.
Тарбиянын башаты үй-бүлөдө башталат эмеспи. Совет мезгилинде Самагановдордун үй-бүлөсү, кийинчерээк Сабировалар, эгемендик жылдары Такырбашевдер, Лилер жана Сьезбековдордун оюндары белгилүү. Эгемендик жылдары Азияда алтын, күмүш медалдарды алууга жетишишти. Биздин үй-бүлө дагы куру эмес, Тиленбаева Бактыгүл ФИДЕ чечими менен “2002-жылдын Азиянын эң мыкты аял тренери” аталса, кыздарыбыз, неберелерибиз Жаңыл, Диана, Айпери, Азалия Азия биринчиликтеринде күмүш жана коло медаль тагынышты. Он бир жыл ичинде Б.Тиленбаеванын балдар шахмат борборунун тренерлери жана тарбиялануучулары Дүйнө, Азия жана Борбордук Азия биринчиликтеринде алтын, күмүш жана коло болуп бардыгы 54 медаль алып келишкен. Ошондой эле, шахматтты үй-бүлөлүк баалуулук катары калыптандыруу максатында, жыл сайын “Эки муун” жана “Үч муун” номинацияларында мыкты шахматтык үй-бүлөлөр арасында республикалык мелдеш өтүп келүүдөбүз. “Эки муун” мелдешинде ата-энеси жана баласы же ата-эненин бирөөсү менен эки баласы командада ойношот. Ал эми “Үч муун” мелдешинде чоң атасы (таятасы) же чоң энеси, ата-энесинин бирөө жана баласы болушуп бир командада ойношот. Бул жерде баласынын жашы 12 ден ашпоо керек. Буга чейин Деркенбаевдер, Мутешовдор, Алымбековдор, Шамбетовдор, Лилер, Карамуратовдор жеңип келишсе, 2026-жылы Машаевдер менен Муратовдордун үй-бүлөсү жеңишке жетишишти. Үй-бүлөлүк командалардын мелдешин райондун, облустун жана республиканын деңгээлинде официалдуу өтүлсө шахматтын коомдогу орду бекемделип, балдардын тарбиясына оң таасир берээр эле. Ата-эне балдарына өрнөк болуп, балдар ата-энелеринин сыймыгына татыйт эле.
Шахматты коомго кеңири жайылтууга оң таасир берүүчү, бул, окуу жана эмгек жамааттары, жашаган жерлер боюнча коомдоштуктар. Айрым бир колунда бар банктык система өндүү мекемелердин оюндарын, агартуу мекемелеринин спартакиадаларын эсепке албаганда бул багытта мелдештер дээрлик өткөрүлбөйт. 1970-жылдары эсимде, Нарын шаарынын шахмат боюнча биринчилигинде Нарын облустук ооруканасынын командасынын башкы врачы Мырзабеков А., Нарын электр тармактар ишканасынын шахматисттеринин начальниги Бугубаев К. жетектеп келишип ойношчу, б.а. жетекчилер өрнөк болушуп, ал жамааттар жакшы натыйжа көргөзөөр эле. Мекемелердин ортосунда, муниципалдык аймактар арасында, үй комитеттердин жана чөлкөмдөрдүн ортосунда системалуу мелдештерди өтүп туруу шахмат спортунун өнүгүүсүнөн тышкары, жалпы эле коомдо сергек жашоо мүнөзүн калыптандырууга өбөлгө түзүп, келечек муундарга оң таасир тийгизээр эле. Ведомстволор ичинде, ардагерлер арасында аймактарда жана республикада системалуу мелдештерди өткөрүү максатка ылайыктуу болмокчу.
Биздин өлкөдө совет мезгилинде чыккан Б.Самаганованын жана эгемендик жылдары жарык көргөн К.Турумбековдун шахматты үйрөтүү боюнча, Ч.Тиленбаевдин “Ферздин же аттын жүрүшү”, “Тактикалык ыкмалар” китептерин албаганда кыргыз тилинде шахмат теориясына арналган китептер дээрлик жокко эсе. Шахматты үйрөнүү жана үйрөтүү боюнча окуу-методикалык комплексти түзүү мезгил талабы. Бул максатта билим берүү мекемелери, мамлекеттик тил комиссиясы жана полиграфиялык-басмалык ишканалар биригип иштөөсү зарыл. Телевидение жана радио дагы бул багыттагы өз аракеттерин күчөтүүлөрү тийиш. Мамлекеттик бюджеттен дагы финасылык каражат каралуусу зарыл.
Жарлыкка ылайык шахматты өнүктүрүү жана популярдаштыруу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныкталуусу, бул багытта жеке эле шахмат ишмерлеринин, спорт жана агартуу кызматкерлеринин ж.б. тиешелүү кызматтык адамдардын эмес, ишкерлердин, журналистердин, ата-энелердин, жалпы эле коомчулуктун колдоосу максатка ылайыктуу.
Чолпонбек Тиленбаев, “Кыргыз ССР билим берүү отличниги”, “КР Жыл мугалими-92”, АСО (Amateur Chess Organization) версиясы боюнча шахмат ышкыбоз ардагерлер арасында 2025-жылдагы дүйнө чемпиону