Шайирбек Сулайманов: Өспүрүмдөрдүн 90 пайызында D витамининин жетишсиздиги кездешиши мүмкүн

13-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Медицина 140

Күз келери менен балдар арасында сасык тумоо, вирустук инфекциялар жана ар кандай аллергиялык оорулар күчөй баштайт. Ошол эле учурда ата-энелер көп учурда көңүл сыртында калтырган көйгөйлөрдүн бири – балдардагы D витамининин жетишсиздиги. Кыргызстанда күн көп тийгендиктен, мындай көйгөй болбойт деген түшүнүк бар. Балдардагы аллергиялык оорулар да мезгилге жараша күчөп, ата-энелерди түйшөлткөн маселеге айланат. Бул көйгөйлөрдүн алдын алуу жана туура дарылоо боюнча «КР Балдар дарыгерлеринин союзу» коомдук бирикмесинин президенти, профессор Шайирбек Сулайманов менен маектештик.

— Шайирбек Алибаевич, Кыргызстанда күн көп тиет. Ошого карабай балдарда D витамининин жетишсиздиги эмнеден улам пайда болот?
— Баланын организминдеги D витамининин деңгээлине бир нече фактор таасир этет. Алардын ичинде жылдын мезгили, абанын булганышы жана баланын жашоо образы бар. Күзүндө жана кышында күндүн нурунун таасири азайып, териде D витамининин пайда болушуна шарт начарлайт. Мындан тышкары, суук мезгилде балдар денесинин көпчүлүк бөлүгүн кийим менен жаап жүрүшөт. Шаарлардагы абанын булганышы да бул процесске терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Айрыкча 11-17 жаштагы өспүрүмдөргө көңүл буруу керек. Байкоолор боюнча, Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн 90 пайызында D витамининин жетишсиздиги кездешиши мүмкүн. Бизде кыз балдар бул көйгөйгө эркек балдарга караганда көбүрөөк дуушар болушат. Өспүрүм куракта бала тез өсөт, сөөктөрү калыптанат. Бул учурда D витамини өзгөчө маанилүү. Анткени ал организмге сөөктүн бекем болушу үчүн зарыл болгон кальцийди жакшы сиңирүүгө жардам берет.

— D витамининин жетишсиздигине дагы кандай себептер таасир этиши мүмкүн?
— Организмде D витамининин сиңишине жана алмашуусуна тоскоол болгон бир катар факторлор бар. Мисалы, ичегинин тамакты жакшы сиңире албашы, боор жана бөйрөк оорулары, ошондой эле айрым дары-дармектерди кабыл алуу таасир этиши мүмкүн. Бирок, бул жерде ата-энелерге маанилүү нерсени эскерте кетким келет. D витаминин жогорку дозада өз алдынча берүүгө болбойт. Препаратты да, анын өлчөмүн да дарыгер менен кеңешип тандоо керек. Баланын сөөктөрү бекем болушу үчүн бир гана витаминге таянбастан, дене тарбия жана кыймыл-аракетти, туура жана толук кандуу тамактанууну жана дарыгер менен бирге тандалган алдын алуу чараларын айкалыштыруу зарыл.

Кенже Осмоналиева

13-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Медицина 140
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X