Шайлоо алдындагы үгүткө тоскоолдук кылгандарга айып пул киргизилди
Президент Садыр Жапаров Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизген мыйзамга кол койду.
Жаңы мыйзам шайлоо алдындагы мыйзамдуу үгүт иштерине тоскоолдук кылган аракеттер үчүн жоопкерчиликти күчөтөт.
Документке ылайык, үгүт иштерине мыйзамсыз тоскоолдук жараткан жеке жактарга 5 миң сом айып пул салынат.
Ал эми турак жай ээлеринин шериктештиктеринин жетекчилери, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары же башкаруучу компаниялар мындай мыйзам бузууга барса, жеке жактарга 50 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 10 миң сом айып пул каралган.
Мыйзамсыз тоскоолдук катары үгүт жүргүзүүчү жайга кирүүгө бөгөт коюу, жай берүүдөн негизсиз баш тартуу же мыйзамдуу үгүт иштерин атайылап кыйындаткан аракеттер эсептелет.
Мыйзам 10 күндөн кийин күчүнө кирет.