Шайлоо комиссияларынын ишин жөнгө салган жаңы өзгөртүүлөр кабыл алынды
Бүгүн, 23-июнда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет бир катар мыйзам долбоорлорун үчүнчү окууда карап, колдоо көрсөттү.
Атап айтканда, депутаттар Марлен Маматалиев, Гүлнара Акимбаева жана Айбек Алтынбеков демилгелеген «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөр жактырылды.

Демилгечилердин маалыматына ылайык, өзгөртүүлөр Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарын оптималдаштырууга, эскирген жана ашыкча ченемдерди алып салууга, терминологияны башка мыйзам актылары менен шайкеш келтирүүгө багытталган. Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кызмат орундарын ээлөө тартибиндеги өзгөрүүлөрдөн келип чыккан карама-каршылыктарды жоюу жана шайлоо округдарын түзүү мөөнөттөрүн тактоо каралууда.

Мындан сырткары, шайлоо комиссияларынын бирдиктүү системасын тактоо максатында айрым терминдерди өзгөртүү сунушталууда. Тактап айтканда, «аймактык» деген түшүнүк «округдук жана аймактык» деп такталып, айрым сөз айкаштары мыйзамдан алынып салынат.
Ошондой эле жыйында ошол эле депутаттар тарабынан сунушталган «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөр да үчүнчү окууда колдоо тапты. Бул өзгөртүүлөр округдук шайлоо комиссияларынын ишин укуктук жактан жөнгө салууга, алардын статусун тактоого жана шайлоо системасындагы ордун бекемдөөгө багытталган.
Мындан тышкары, комитет Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан сунушталган «Юридикалык өкүлчүлүктүн маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун да үчүнчү окууда карап, кабыл алды.