Шайлоо күнү. Дем алышпы же иш күнүбү? Жаңы сунуш талкууда

9-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 188

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев шайлоо күнүн шаршембиге жылдырууну жана аны акы төлөнүүчү дем алыш күнү катары бекитүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун демилгеледи.

Долбоорго ылайык, шайлоо өтө турган күн расмий түрдө акы төлөнүүчү дем алыш деп жарыяланат. Бирок бул жеңилдикти алуу үчүн жаран шайлоого сөзсүз түрдө катышып, добуш бериши керек болот.

Эгер жаран себепсиз шайлоого катышпай калса, ал күн үчүн эмгек акы төлөнбөйт жана ошол күн камсыздандыруу стажына да кошулбайт.

Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда шайлоо күнү добуш берип, андан соң ишке чыккан жарандарга эки эселеп эмгек акы төлөө тартиби каралууда.

Документ коомдук талкууга чыгарылып, андан кийин Жогорку Кеңеште каралары күтүлүүдө.

9-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 188
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X