Шайлоо маданияты – адилет атаандаштык жана улуттук ынтымак

Өлкөбүздө 2027-жылдын 27-январында президенттик шайлоо болгону турат. Бул саясий өнөктүк өлкө башчысын тандоо менен бирге, ошол багыттагы мамлекеттик институттардын жетилгендигин, шайлоо маданиятын жана демократиялык принциптерге берилгендигибизди же болбосо чыныгы “демократиянын аралчасына” айланганыбызды дагы бир жолу сыноочу маанилүү саясий окуя болмокчу. Президенттин талапкерлер менен жолугушуусу, административдик ресурска каршы эскертүүсү, кол топтоонун санарип форматка өтүшү жана шайлоону видеокөзөмөл аркылуу ачык көрсөтүү аракети, дегеле шайлоо алды БШК жана башка тийиштүү органдар тараптан кандай аракеттер көрүлүүдө жана кандай өзгөрүүлөр болуп жатат, ошондон кеп кылалы.

БИРДЕЙ ШАРТ ЖАНА АДМИНИСТРАТИВДИК РЕСУРСТАН БАШ ТАРТУУ

Кыргызстандын саясий тарыхында президенттик шайлоолор дайыма эле жөнөкөй атаандаштыкта өтүп келбегени жашыруун деле эмес. Административдик ресурсту пайдалануу, мамлекеттик кызматкерлерге басым көрсөтүү жана талапкерлерге бирдей шарт түзүлбөшү сыяктуу маселелер көп жылдан бери коомчулуктун көңүл борборунда болуп келген. Мисалы, 2011-жылдагы президенттик шайлоодо эл аралык байкоочулар добуштарды эсептөөдө олуттуу кемчиликтер болгонун белгилешкен. 2017-жылдагы шайлоодо административдик ресурс жана шайлоочуларга басым көрсөтүү боюнча кооптонуулар айтылган. Ал эми 2021-жылдагы президенттик шайлоодо талапкерлердин мүмкүнчүлүктөрүнүн тең эместиги эл аралык байкоочулардын отчетторунда чагылдырылганы да жалган эмес.

Мына ушундай тарыхый тажрыйбанын шартында Президент Садыр Жапаровдун президенттикке талапкер болуу ниетин билдирген жарандар менен жолугушуусу өзгөчө саясий мааниге ээ болду окшойт. Мамлекет башчысы талапкерлердин пикирлерин угуп, “шайлоого даярдык учурунда кандай кыйынчылыктар жаралып жатканын, административдик ресурс колдонулуп же жасалма тоскоолдуктар түзүлүп жаткан жокпу?” — деген маселелерди талкуулашканы жөнүндө өзүнүн жеке баракчасы аркылуу билдирди. Ал жолугушуунун маанилүү жагын карай турган болсок, президенттин өзү да шайлоого катышып жаткан шартта, башка талапкерлерге тең мүмкүнчүлүк түзүлүшү керектигин баса белгилегени болду. Ошону менен бирге, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге кайрылып, алардын негизги милдети кайсы бир талапкерге эмес, элге жана мамлекетке кызмат кылуу экенин эскертти. Өзүнүн президенттик шайлоого катышып жатканы кызматкерлерди жеке өзүнө иштөөгө милдеттендирбей турганын да ачык айтты.

Ошондой эле кызмат абалынан пайдаланып, жарандарды белгилүү бир талапкерди колдоого мажбурлоо жана башка талапкерлерге тоскоолдук жаратуу мыйзам бузуу экенин белгиледи. Мындай билдирүүнүн шайлоо алдында билгенге саясий салмагы чоң. Анткени, мурдагы шайлоолорду карап үңүлө турган болсок, ачык айтканда мамлекеттик аппараттын бейтараптуулугу негизги көйгөйлөрдүн бири болуп келген. Президенттин оозунан эмес, алыскы айыл өкмөттүн оозунан адилеттүүлүк, калыстык, ачыктык дегенди угуу өзүнчө бир кыял болчу. Эми мындай билдирүүлөрдүн чыныгы натыйжасы иш жүзүндө көрүнүп, айыл өкмөтүнүн кызматкери, мектеп директору, мугалим, дарыгер же мамлекеттик мекеменин жетекчиси өзүнүн кызмат ордунан улам кайсы бир талапкерди колдоого милдеттүү болбошу зарыл.

Демек, алдыдагы шайлоонун негизги сыны же багыты бийликтин бардык талапкерлерге тең шарт түзүп, мамлекеттик ресурстун саясий максатта пайдаланылышына жол бербөөсү боло турганы ачык көрүнө баштады. Демократиянын деңгээли дал ушул принциптердин иш жүзүндө аткарылышы менен аныкталат эмеспи. Чынбы?

ШАЙЛООНУН ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯЛЫК БЕЙНЕСИ

Алдыдагы президенттик шайлоонун негизги өзгөчөлүгү, өз жолунда өнүгүп жаткан санариптик технологиялардын кеңири колдонулушунда болууда. Буга чейин президенттик кызматка талапкерлерди колдоо үчүн шайлоочулардын кол тамгаларын чогултуу кагаз түрүндө жүргүзүлүп келген эле. Ал деген бир топ убакытты жана уюштуруучулук ресурстарды талап кылчу. Эми бул жараян “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук форматка өткөрүлдү. БШКнын 2026-жылдын 23-сентябрындагы жобосуна ылайык, жарандар тиркемеге кирип, талапкерлердин тизмесинен өзү колдогон талапкерди тандап, электрондук түрдө колдоо көрсөтө алышат. Мурда талапкер кеминде 30 миң, эң көп дегенде 50 миң шайлоочунун колун топтоого тийиш болсо, жаңы механизм бул жараянды жеңилдетип, аралыктан катышууга мүмкүнчүлүгүн түздү.

Эске алып коё турган дагы бир жагдайды да айта кетели, ошол “Түндүк” аркылуу колдоо көрсөтүү талапкерге добуш берүү дегендик эмес, ал болгону талапкердин шайлоого катышуусуна жол ачкан алгачкы баскыч деген эле сөз. Болбосо, коомчулукта 30 миң кол топтоону өзүнүн добушун берип койгондой таризде карап жаткандарыбыз да бар экен. Мындай санариптик мүмкүнчүлүк жарандардын шайлоо процессине катышуусун жеңилдетип, талапкерлердин да уюштуруу иштерин ыкчамдатууга шарт түзөөрү турган иш.

Айтор, шайлоонун шарттары да ушул таризде жакшы жолго коюлду. Каалаган аймагында туруп, каалаган талапкериңе өз добушүңду берүү мүмкүнчүлүгү жаралды. Шайлоонун ачыктыгын камсыздоо багытында дагы бир жаңылык, бардык шайлоо тилкелерин видеокөзөмөл камералары менен камсыздоо жолго коюлган. БШКнын маалыматына ылайык, жарандар каалаган аймактагы шайлоо тилкесиндеги добуш берүү процессин онлайн көрө алышат. Бишкектеги “ПаркОтель” мейманканасында коомдук палата ачылып, ал жерден журналисттер, байкоочулар жана жарандар өлкөнүн ар кайсы аймагындагы шайлоо тилкелерин көзөмөлдөй алышат. БШКнын дагы бир маалыматы боюнча өлкө ичинде 2492 шайлоо тилкеси иштеп, чет өлкөнүн 35 мамлекетинин 94 шаарында 100гө жакын тилке ачуу пландалып жатыптыр. Ал эми өзүбүздүн өлкө боюнча 56 аймактык шайлоо комиссиясында 672 мүчө, ал эми участкалык шайлоо комиссияларында 25 миңге жакын адам иш алып бараары айтылууда.

Албетте, мындай технологиянын болушу эле шайлоонун таза өтүшүнө кепилдик бербеси белгилүү. 2025-жылдагы парламенттик шайлоодо да техникалык мүмкүнчүлүктөр кеңейгени менен ошол эле маалда эл аралык байкоочулар дагы шайлоодо добуштарды эсептөө жана жыйынтыктарды чыгаруудагы ачыкайкындык маселелерине көңүл бурушкан болчу.

Ошондуктан, алдыдагы президенттик шайлоодо дагы видеокамералардын орнотулушу, санариптик кол топтоо жана электрондук жабдуулардын колдонулушу менен катар маалыматтардын коопсуздугу, системанын туруктуулугу, добуштарды эсептөөнүн ачыктыгы жана коомдук көзөмөлдүн натыйжалуулугу да камсыздалышы зарыл.

ЫНТЫМАК – ТУРУКТУУЛУКТУН НЕГИЗИ

Ар бир чоң саясий өнөктүктүн алдында коомдогу саясий атаандаштык күчөп, ар кандай кызыкчылыктардын болоору белгилүү. Мындай учурда өлкөдөгү тынчтыкты жана коомдук туруктуулукту сактоонун орду бар. Президент Садыр Жапаровдун акыркы кайрылуусунда “кыргыз-өзбек мамилесин курчутууга багытталган чагымчыл аракеттер болушу мүмкүн” — деген маалыматтарга токтолгону да көңүл бурууга арзыйт. Мамлекет башчысы айрым саясатчылар, шайлоого чейин өлкөнүн түштүгүндө кыргыздар менен өзбектердин ортосунда жаңжал чыгаруу тууралуу сүйлөшүп жатышы мүмкүн экенин айтып, жарандарды жалган маалыматтарга жана улуттар аралык кастыкты козуткан чакырыктарга алдырбоого үндөдү. Коомчулук арасында түрдүү ойлор, сындар айтылганы менен ар бир мындай саясий кырдаалдын алдында баарын күтүүгө болот. Болтурбоо, алардын алдын алуу мамлекеттин башында турган адамдын негизги милдети. Муну ушул багытта туура карап, чечим чыгаруубуз керек. Президент да өзүнө жеткен маалыматтардан улам ушуга барып жатса керек. Кыргызстан 1990 жана 2010-жылдардагы Ош окуяларынын оор кесепеттерин башынан өткөргөн. Ал трагедияларда саясий оюндардын азабын карапайым адамдар, үй-бүлөлөр жана бүтүндөй коом тарткан.

Ошондуктан, президенттин улуу муун өкүлдөрүн жаштарга өткөн окуялардын сабагын түшүндүрүүгө чакырышы маанилүү эле нерсе. Кала берсе, түз милдети. Улуттар аралык ынтымакты сактоо бир эле укук коргоо органдарынын эмес, ар бир жарандын, сенин жана менин милдетим. Азыркы маалыматтык доордо социалдык тармактар аркылуу жалган маалыматтардын күн нурундай тез тарашы, коомдук кырдаалга олуттуу таасир тийгизиши мүмкүн экендиги белгилүү.

Андыктан, ар бир жаран маалыматты текшерип, эмоцияга алдырбай, коомдук тынчтыкты сактоого салым кошуусу зарыл. Алдыда боло турган саясий атаандаштык, биз көп жылдан бери Кыргызстанга энчилүү кылып айтып келген демократиянын табигый бир бөлүгү. Талапкерлердин бири-бирин сындашы, программаларын ар тараптуу сунушташы жана бийликтин саясатын талкуулашы мыйзам чегинде болуп, эркин эле жүргүзүлүшү керек деп ойлойм.

Ошол эле учурда ал күрөш улуттар аралык кастыкка же коомду бөлүп-жарууга айланбашы зарыл. Президенттин кайрылуусунда “өлкөнүн өнүгүүсүнө тоскоолдук жаратуучу саясий амбициялардан жогору — жалпы улуттук кызыкчылыктар турушу керек”- деген дагы бир маанилүү ой айтылды. Кыргызстан үчүн тынчтык, туруктуулук жана коңшу элдер менен ынтымактуу жашоо, келечектеги экономикалык өнүгүүнүн да негизги шарттарынын бири. Шайлоонун чыныгы маңызы, акыл-эс менен аңдап караганга кимдир бирөөнүн бийликке келишинде эле турбайт, ал коомдун эркин тандоо укугун сактап калуусунда, туура тандоо жүргүзүүдө, ынтымагын көрсөтүүдө турат.

Ошондуктан, алдыдагы президенттик шайлоо Кыргызстан үчүн эки багыттагы чоң сыноо болушу шарт. Бир жагынан талапкерлерге бирдей шарт түзүп, административдик ресурстун кийлигишүүсүнө жол бербөө болсо, экинчи жагынан саясий атаандаштыкты коомдук ынтымакка жана улуттук биримдикке доо кетирбеген маданиятта өткөрүп алуу.

Эгер мамлекеттик кызматкерлер бейтарап болуп, административдик ресурс пайдаланылбай, шайлоочулар басым-кысымсыз тандоо жасап, добуш берүүнүн жыйынтыктары коомчулуктун ишенимине ээ болсо, бул өлкөдөгү шайлоо маданиятынын өнүгүшүндөгү маанилүү кадам болмокчу.

Күнболот Момоконов

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X