Шакира Кыргызстан тууралуу жылуу пикирин айтып, күйөрмандарын кубантты
18-октябрда Бишкек Аренада өткөн дүйнөлүк жылдыз Шакиранын концерти кыргызстандыктарга жана чет өлкөдөн келген күйөрмандарга унутулгус кеч тартуулады.
Концерттен кийин атактуу ырчы Instagram баракчасына кечеден сүрөттөрдү жана күйөрмандардын жылуу пикирлерин жарыялады.
Шакира Кыргызстандагы шоу тууралуу өзүнүн таасирлери менен бөлүшүп, «Кыргызстан жана анын эли мага абдан жакты. Укмуштуудай шоу үчүн рахмат!» — деп жазды.
Ырчынын бул сөздөрү социалдык тармактарда жылуу кабыл алынып, кыргызстандыктардын кубанычын арттырды. Күйөрмандар Шакиранын Кыргызстан тууралуу айткан жакшы пикирине кубанып, жылдызга ыраазычылыктарын билдирип жатышат.