Шакиранын концерти же дүйнөлүк тажрыйба эмнени көрсөтөт?

13-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 141

Дүйнөгө белгилүү колумбиялык ырчы Шакира, 18-октябрда Бишкекте концерт берет. Бул окуя учурда Кыргызстанда гана эмес, Борбор Азияда да чоң талкуу жаратууда.

Коңшу өлкөлөрдүн жарандары социалдык тармактарда дүйнөлүк жылдыздын Кыргызстанга келе жатышын аймактагы олуттуу маданий иш-чара катары баалап жатышат. Андан сырткары Шакиранын Бишкекке келиши жөн гана бир күндүк концерт эмес Кыргызстан үчүн туристтерди тартуу, экономикалык активдүүлүктү күчөтүү жана өлкөнүн дүйнөгө таанымдуулугун арттыруу мүмкүнчүлүгү экендиги белгиленүүдө. Эң маанилүүсү, Шакира Бишкек шаарын өзүнүн концерттик картасына кошот.
Себеби, борбор калаабыздагы шоу Las Mujeres Ya No Lloran World Tour дүйнөлүк турнесинин алкагында өтүп, Шакиранын Борбор Азиядагы алгачкы концерти болуп калмакчы.

Шакиранын концерттери…
Las Mujeres Ya No Lloran World Tour 2025-жылдын февраль айында Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарынан башталган. Турдун негизги этабында Бразилия, Перу, Колумбия, Чили, Аргентина жана Мексика сыяктуу Латын Америка өлкөлөрү, андан кийин АКШ жана башка рыноктор камтылган. Шакиранын расмий сайты турдун алгачкы графигинде Рио-де-Жанейро, Сан-Паулу, Лима, Барранкилья, Медельин, Богота, Сантьяго, Буэнос-Айрес, Монтеррей, Гвадалахара жана Мехикодогу стадион концерттерин жарыялаган.

2026-жылы тур Европа багытына өтүп, Мадридде Шакира үчүн атайын убактылуу стадион курулган. Ал жерде бир нече ири концерт өткөрүлүп, орундардын сыйымдуулугу 50 миңден ашуун көрүүчүгө эсептелген.

Кандай пайда алып келет?
Ири жылдыздардын концерттеринин таасири билет сатуудан түшкөн каражат менен эле чектелбейт. Маданий иш-чара үчүн башка шаарлардан же өлкөлөрдөн келген көрүүчүлөр мейманканага жайгашып, ресторандарга барып, такси жана башка транспорт кызматтарын колдонуп, соода жана туристтик жайларга акча коротушат. Ошондуктан шоунун экономикалык таасири бир нече тармакка тарайт.

Мисалы, Колумбиянын Барранкилья шаарында 2025-жылдын февралында өткөн эки концертке ар биринде болжол менен 45 миңден көрүүчү келген. Шаар бийлиги эки шоу жалпы 66,8 млрд колумбиялык песо көлөмүндө экономикалык кыймыл жаратат деп эсептеген. Анын ичинен болжол менен 18 млрд песо жергиликтүү ишканалардын ортосундагы транзакциялар аркылуу экономикага тарай турганы айтылган. Эсепке мейманкана, тамактануу, транспорт, соода жана кызмат көрсөтүү тармактары киргизилген.

Мексиканын Гвадалахара
шаарында Шакиранын эки концертинен улам мейманканалардагы суроо-талап эки эсеге өскөн. Болжол менен 40 миң мейманкана номери ар түнгө брондолуп, мейманкана тармагындагы түз киреше 80 млн песого, ал эми жалпы туристтик киреше 900 млн песого жакын деп бааланган. Ал эми Мехикодогу аншлаг болгон жети концерттин экономикалык таасири болжол менен 5,5 млрд песо болгону кабарланган.

2026-жылы Рио-де-Жанейродогу Копакабана жээгинде Шакиранын акысыз концерти өтүп, ага болжол менен 2 млн адам катышкан. Шаар бийлиги бул иш-чара жергиликтүү экономикага болжол менен 800 млн реал, башкача айтканда 160 млн доллардан ашык таасир бергенин билдирген. Пайда мейманкана, соода жана меймандостук тармактарына тараган.
Бишкек үчүн да Шакиранын концертинин эң маанилүү натыйжаларынын бири туристтердин агымын күчөтүү мүмкүнчүлүгү болмокчу. 2-октябрдагы маалымат боюнча, концертке билеттер биринчи күнү эле 13 миңден ашык сатылып, сатып алуучулардын арасында 22 өлкөнүн өкүлдөрү болгон. Чет өлкөлүк сатып алуучулардын арасында Казакстан, Россия жана Өзбекстандын жарандары басымдуу экени маалымдалган. Чет өлкөдөн келген күйөрмандардын бир бөлүгү Бишкекте бир нече күн калса, бул мейманкана, ресторан, такси, соода, экскурсия жана башка кызмат көрсөтүү тармактарына кошумча суроо-талап жаратышы мүмкүн. Мындан тышкары, иш-чара Бишкектин эл аралык деңгээлде таанымалдуулугун жогорулатат. Шакиранын күйөрмандары дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө жашагандыктан, концертке байланыштуу Кыргызстан жөнүндө социалдык тармактарда жана медиада маалыматтын көбөйүшү өлкөнүн туристтик имиджине кошумча таасир бере алат деп күтүлүүдө.

Жаны багыт
Бул концерттин өзгөчөлүгү аны өткөрүүгө мамлекеттик бюджеттен каражат коротулбай тургандыгы болуп турат.
Президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин маалыматына ылайык, Шакиранын гонорарына мамлекеттик бюджеттен акча төлөнбөйт. Концертти жеке компания уюштурат. Мамлекеттик тарап болсо коопсуздук жана уюштуруу маселелерине жооп берет.

Шакиранын Бишкекке келиши Кыргызстанда дүйнөлүк деңгээлдеги концерттерди өткөрүүгө болгон кызыгууну дагы күчөтүшү мүмкүн. Эгер бул концерт ийгиликтүү өтсө, Бишкек шааары дүйнөлүк жылдыздар үчүн да туруктуу рынок катары калыптанышы ыктымал. Шакиранын өзү дүйнөлүк масштабдагы маданий иш-чаралар менен мурда эле байланышып келет. Ал футбол боюнча дүйнө чемпионаттарынын сахнасына чыгып, спорт менен музыканын ортосундагы байланышты күчөткөн артисттердин бири. Ошондуктан да Шакиранын Бишкекке келиши кеңири мааниге ээ окуя. Дүйнөдө ырчынын фанаттары миллиарддап саналгандыктан ФИФА сыяктуу белгилүү уюм Шакираны дүйнөлүк футболдун эң чоң сахналарына чыгарган. Бул көрүнүш ырчынын эл аралык деңгээлдеги таасирин айгинелеген көрүнүктүү мисалдардын бири десек болот. Андыктан 18-октябрда Бишкек бүтүндөй дүйнө назарынан сырткары футбол сүйүүчүлөрүнүн да, дүйнөлүк футбол жылдыздарынын да назарын өзүнө бурушу турган иш.

Жазгүл Кенжетаева

13-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 141
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X