Шамал Баткен облусуна олуттуу чыгым келтирди

30-июнь, 2026-ж. / Редакция / Кырсык 179

2026-жылдын 27-июнунда Баткен шаарында, ошондой эле Баткен жана Лейлек райондорунун аймактарында катуу шамал катталып, шамалдын ылдамдыгы секундасына 27–28 метрге чейин жетти.

Жаратылыш кырсыгынын натыйжасында айрым турак үйлөрдүн жана социалдык объектилердин чатырлары жабыркап, материалдык чыгымдар келтирилди. Алдын ала маалыматтар боюнча, жалпы зыяндын көлөмү болжол менен 16 миллион сомду түзөт.

Бүгүн Баткен облусунун Жарандык коргонуу комиссиясынын кезектеги жыйыны өткөрүлүп, анда кырсыктын кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү иш-чаралары талкууланды.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев тиешелүү мекеме-уюмдардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди. Анын ичинде жабыркаган жарандар менен үзгүлтүксүз байланышта болуу, алардын көйгөйлөрүн ыкчам чечүү, социалдык объектилерди мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө калыбына келтирүү, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык объектилерди камсыздандыруу иштерин тездетүү милдеттери белгиленди.

Мындан тышкары, Баткен облустук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна жана аймактык саламаттык сактоо кызматтарына кырсыктан жабыркаган эки жаранга өз убагында зарыл медициналык жардам көрсөтүү тапшырмасы берилди.

Учурда Баткен облусунда катуу шамалдын кесепеттерин жоюу, келтирилген чыгымдарды тактоо жана жабыркаган объектилерди калыбына келтирүү иштери улантылууда.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X