Шаркыратма айылында жаңы фельдшердик-акушердик пункт пайдаланууга берилди

11-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 68

Ылай-Талаа айыл аймагынын Шаркыратма айылында жаңы фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) пайдаланууга берилди.

Медициналык пункттун ачылыш аземи Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата уюштурулуп, ага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров онлайн форматта катышты.

Шаркыратма айылы айылдын борборунан 12 чакырым алыстыкта, тоолуу аймакта жайгашкан. Учурда айылда 103 кожолукта 527 жаран жашайт.

Буга чейин айыл тургундарына кызмат көрсөтүп келген ФАПтын имараты жараксыз абалга келген. Буга байланыштуу жаңы имараттын курулушу 2025-жылы башталган.Возможно, это изображение один или несколько человек, помост и текст

Бүгүнкү күндө заманбап талаптарга жооп берген жаңы медициналык пункт толук пайдаланууга берилип, жергиликтүү тургундар үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү жакшырды.

ФАПтын курулуш иштерин Кыргыз Республикасынын Капиталдык курулуш башкармалыгы жүргүзгөн.

Алыскы жана тоолуу аймактарда социалдык объектилерди куруу жана жаңылоо калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Жаңы медициналык пункт Шаркыратма айылынын тургундарына медициналык кызмат көрсөтөт.

11-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 68
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X