Шавкат Мирзиёев: Кыргызстандагы өзгөрүүлөргө кубанабыз, күчтүү коңшу – биз үчүн эки эсе жагымдуу

30-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 97

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанды Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине 2027–2028-жылдарга туруктуу эмес мүчө болуп шайланышы менен куттуктап, бул окуяны өлкөнүн дипломатиялык тарыхындагы ири жетишкендик катары баалады.

Мирзиёевдин айтымында, Кыргызстандын Коопсуздук кеңешине шайланышы анын эл аралык аренадагы таасири менен кадыр-баркынын өсүп жатканын айгинелеп, ошол эле учурда Борбор Азия мамлекеттеринин дүйнөлүк деңгээлдеги орду чыңдалып жатканын көрсөтөт.

«Бул — чоң ийгилик. Муну түшүнгөндөр жакшы түшүнөт. Биз бир тууган Кыргызстанды чын жүрөктөн куттуктайбыз», — деди Өзбекстандын лидери.

Ал акыркы жылдары Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар өз жемишин берип жатканын белгилеп, өлкөдө туруктуу экономикалык өсүш камсыздалып, элдин жашоо деңгээли жакшырып, жаңы ишканалар, социалдык объекттер жана ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып жатканын айтты.

«Биз Кыргызстандагы өзгөрүүлөргө кубанабыз жана сыймыктанабыз. Кошунабыз күчтүү болсо, бул биз үчүн эки эсе жагымдуу», — деп белгиледи Мирзиёев.

Өзбекстандын президенти ошондой эле расмий Ташкент Кыргызстандагы реформаларды жана эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да ар тараптуу колдоого даяр экенин билдирип, кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга кызыкдар экенин кошумчалады.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X