ШКУ — Борбор Азиянын мүмкүнчүлүгүн дүйнөгө ачкан аянтча

26-июнь, 2026-ж. / Редакция / Аналитика 326

Акыркы жылдары дүйнөлүк экономика жаңы өзгөрүүлөрдүн босогосуна келди. Геосаясий чыңалуулар, жеткирүү чынжырларынын кайра түзүлүшү, энергетикалык коопсуздук маселелери жана климаттык чакырыктар көптөгөн мамлекеттерди жаңы өнөктөштүктөрдү издөөгө түртүүдө. Мындай шартта Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) дүйнөлүк деңгээлдеги эң таасирдүү интеграциялык платформалардын бири катары өз ордун бекемдөөдө.

Быйыл Кыргызстан ШКУга төрагалык кылып жатат. Бул биздин өлкө үчүн эл аралык деңгээлдеги кадыр-баркын гана жогорулатып койбостон, жаңы инвестицияларды тартууда жана экономикалык байланыштарды кеңейтүүдө маанилүү мүмкүнчүлүктөрдү ачууда.

Акыркы төрт жылда Кыргызстандын ШКУ мамлекеттери менен болгон товар жүгүртүүсү 2,2 эсеге көбөйүптүр. Мындай көрсөткүч мамлекетибиз үчүн аталган рыноктордун мааниси жылдан-жылга өсүп жатканын көрсөтөт.

Маселен, 2025-жылы Кыргызстанга тартылып келинген түз инвестициялардын көлөмү 1,3 миллиард долларга жетип, мурунку жылга салыштырмалуу 25%га өскөн. Инвестициялык активдүүлүктө ЕАЭБ өлкөлөрү алдыңкы орунда туруп, Россия жана Казакстандык инвесторлор Кыргызстандын экономикасы үчүн жалпысынан 300 миллион доллардан ашык каражат салган.

Кызматташтыктын жаңы деңгээли

ШКУнун алкагында Кыргызстанга эң ири экономикалык өнөктөштөрдүн бири – бул Кытай. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүүнүн рекорддук чеги 27 миллиард долларга жеткен.

Бул көрсөткүч эки мамлекеттин экономикалык байланыштарынын тездик менен өсүп жатканын ачык эле айгинелейт. Өзгөчө транспорттук инфраструктура, энергетика, өнөр жай, логистика жана кайра жаралуучу энергия булактары багытындагы долбоорлор стратегиялык мааниге ээ болуп, курулуп жаткан Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу долбоору бүтүндөй Борбор Азия үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бул каттам Азия менен Европаны байланыштырган эң кыска жана натыйжалуу транзиттик коридорлордун бирине айланары күтүлүүдө.

ШКУ алкагындагы мүмкүнчүлүктөр

Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө болгон Борбор Азия өлкөлөрүнүн ар бири, аймактык экономикада өзгөчө орунду ээлеп, өздөрүнүн атаандаштык артыкчылыктарын сунуштап келет. Алардын географиялык жайгашуусу, жаратылыш ресурстары, өнөр жай потенциалы жана транспорттук мүмкүнчүлүктөрү дүйнөлүк коомчулуктун кызыгуусун арттырууда.

Жакында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун (ПЭЭФ) алкагында журналисттер менен болгон жолугушууда, Бишкекте өтө турган ШКУнун алдыдагы саммити тууралуу суроого жооп берип жатып, төмөнкүлөрдү белгиледи:
«Бүгүнкү күндө ШКУда 27 мамлекет бар. Экономикалык интеграция боюнча олуттуу иштер жүрүп жатат. Борбордук Азия өзүнүн бай ресурстары, кеңири аймагы жана өсүп жаткан калкы менен дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн барган сайын көбүрөөк бурууда. Мунун башкы себеби — аймактын экономикалык дараметинин жогору экендиги», — деди Путин. Чынында эле, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ар бири ШКУнун алкагында өзүнө таандык артыкчылыктарга ээ.

Мисалы, Казакстан Евразиядагы эң ири кургактык транзиттик түйүн болуп саналат. Бул өлкө аркылуу Кытайдан Европага кеткен жүк ташуулардын чоң бөлүгү өтөт. Темир жол жана автожол инфраструктурасынын өнүгүшү Казакстанды ШКУнун негизги логистикалык борборлорунун бирине айландырды.

37 миллиондон ашуун калкы бар Өзбекстан болсо, Борбор Азиядагы эң ири керектөө рыногу болуп эсептелет. Акыркы жылдары өнөр жай өндүрүшү, текстиль, айыл чарба жана машина куруу тармактары тез өнүгүп, чет элдик инвестициялар үчүн жагымдуу шарттар түзүлүүдө. Тажикстан дагы гидроэнергетика боюнча дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирген өлкө. Арзан электр энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүгү, өнөр жайды өнүктүрүүгө жана аймактык энергетикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө шарт түзөт.

Ал эми Кыргызстан Борбор Азиядагы эң чоң гидроэнергетикалык ресурстарга ээ өлкөлөрдүн бири. Мындан тышкары, Кыргызстан Кытай менен Борбор Азияны байланыштырган стратегиялык транспорттук коридорлордун кесилишинде жайгашкан. Бул фактор өлкөнү келечекте ири логистикалык борборго айландырууга мүмкүнчүлүгү бар дегенди түшүндүрөт.

Азыркы учурда, ШКУ өлкөлөрү бир нече стратегиялык багыттарга өзгөчө көңүл бурушууда. Алар, транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу, санариптик экономика, электрондук соода, жашыл экономика, кайра жаралуучу энергия жана азык-түлүк коопсуздугу. Бул багыттар Борбор Азия мамлекеттерине дүйнөлүк жеткирүү чынжырларындагы ролун күчөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Дүйнөлүк экономика жаңы багыттарды издеп жаткан учурда, Борбор Азия үчүн ШКУ мейкиндиги жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн аймагына айланып жатат. Ал эми Кыргызстан бул процесстердин четинде эмес, тескерисинче алардын активдүү катышуучусу жана келечектеги негизги бенефициарларынын бири болууга бардык мүмкүнчүлүктөрүнө кол жеткирүүдө. Ошондуктан, ШКУ алдыдагы жылдарда, Борбор Азиянын экономикалык потенциалын көтөрүүдө, аймактык туруктуулукту бекемдөөдө жана мамлекеттердин өз ара өнүгүүсүн камсыз кылууда маанилүү роль ойной турган стратегиялык аянтча болооруна шек жок.

Күнболот Момоконов

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X