ШКУ делегациялары Кыргызстандын туристтик жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты

25-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 125

SCO Business & Industry Expo Kyrgyzstan 2026 эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин делегация өкүлдөрү үчүн Кыргызстандын маданий жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн таанытууга багытталган атайын программа уюштурулду.

Программанын алкагында чет элдик коноктор Ала-Арча улуттук жаратылыш паркына барып, өлкөнүн уникалдуу жаратылышы, туристтик потенциалы, улуттук каада-салттары жана бай маданий мурасы менен таанышышты. Кыргызстандын эң белгилүү жаратылыш аймактарынын бирине болгон сапар меймандарга өлкөнүн өзгөчөлүктөрүн жана өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн жакындан көрүүгө шарт түздү.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров мындай эл аралык иш-чаралар инвестициялык кызматташууну өнүктүрүүгө, өлкөнүн инвестициялык жана туристтик потенциалын кеңири таанытууга, ошондой эле чет өлкөлүк өнөктөштөр менен узак мөөнөттүү байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Анын айтымында, Кыргыз Республикасы инвестициялык кызматташууга ачык жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар.

«Эл аралык иш-чаралар бизнес өкүлдөрү, инвесторлор жана мамлекеттик институттар ортосунда түз диалог түзүүгө, кызматташуунун жаңы багыттарын аныктоого жана өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет», — деди Равшанбек Сабиров.

Көргөзмөнүн жүрүшүндө катышуучулар Кыргызстандын ар түрдүү тармактардагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып, кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты. Ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосунда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

«Ала-Арча» улуттук паркындагы маданий программа көргөзмөнүн ишкердик бөлүгүнүн логикалык уландысы болуп, катышуучулардын бейформал баарлашуусуна, өз ара түшүнүшүүнү тереңдетүүгө жана өнөктөштүк байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө түздү.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X