ШКУ өлкөлөрү жаңы коркунучтарга каршы биригүүдө

14-май, 2026-ж. / Редакция / Коом 261

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 21-жыйыны Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүүдө. Иш-чараны Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков ачты.

Жыйында сөз сүйлөгөн Орозбеков ШКУнун алкагындагы көп жылдык кызматташтык коопсуздук жаатындагы заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөштүн натыйжалуулугун арттырууга өбөлгө болуп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, бүгүнкү жолугушуу ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы коопсуздук багытындагы өз ара аракеттенүүнү жаңы деңгээлге чыгарууга, ошондой эле мурдагы жана жаңыдан жаралып жаткан коркунучтарга каршы күрөштү күчөтүүгө шарт түзөт.

Жыйындын күн тартибине аймактык коопсуздук маселелери, терроризм, сепаратизм жана экстремизм менен күрөшүү, курал-жарак жана баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттер, адам сатуу, мыйзамсыз миграция жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы кызматташтык маселелери киргизилген. Ошондой эле эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу маселеси дагы талкууланат.

Иш-чаранын жыйынтыгында тараптар протоколго кол коюшу күтүлүүдө.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X