ШКУ өлкөлөрүнүн ЖМК өкүлдөрү Бишкекте кызматташууну талкуулайт
Бүгүн, 27-июлда, Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттары жана аналитикалык борборлорунун форуму өтөт.
Иш-чарага дүйнөнүн 26 өлкөсүнөн 250гө жакын өкүлдүн катышуусу күтүлүүдө. Форумдун негизги темасы “ШКУ жаңы доордо: өз ара түшүнүшүүдөн практикалык кызматташууга карай” деп белгиленген.
Форум Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги менен Кытайдын Синьхуа маалымат агенттиги тарабынан биргелешип уюштурулуп, Бишкекте алгачкы жолу өткөрүлүүдө.
Иш-чарага ШКУга мүчө мамлекеттердин, байкоочу өлкөлөрдүн жана диалог боюнча өнөктөш мамлекеттердин ири маалымат агенттиктеринин жетекчилери, алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, аналитикалык борборлордун жана илимий-изилдөө институттарынын адистери катышат.
Мындан тышкары, форумга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, улуттук маалымат агенттиктеринин жетекчилери, эл аралык медиахолдингдердин, телерадио компаниялардын, басма жана электрондук ЖМКлардын өкүлдөрү, эксперттик жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү, дипломатиялык корпус менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылган.
Кыргызстандан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов, Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков, мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, ошондой эле ата мекендик ЖМКлардын, жогорку окуу жайлардын жана аналитикалык борборлордун жетекчилери катышат.
Форумдун алкагындагы пленардык жыйындарда жана тематикалык сессияларда мамлекеттер ортосундагы өз ара ишенимди чыңдоодо ЖМКлар менен аналитикалык борборлордун ролу, эл аралык маалыматтык кызматташтыкты кеңейтүү, медиачөйрөнүн санариптик трансформациясы, гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү жана глобалдык маалымат мейкиндигиндеги заманбап чакырыктар талкууланат.