ШКУ саммити менен Көчмөндөр оюндарынын өтүшү өлкөбүз үчүн чоң олжо…

29-август, 2026-ж. / Редакция / Күн собол 161

Эгемендүүлүктүн 35 жылдык майрамы быйыл өлкө үчүн зор тарыхый маанилүү иш-чараларды өткөрүү учуруна туш келип, түптүү элибиз бул жагын жакшылыкка жооруп, “төлгө” катары туюшууда. 31-августтан тарта 6-сентябрга чейин Кыргызстанда жүз берчү ШКУ саммити, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары баштаган эл аралык мындай ири иш-чаралар албетте, өлкөбүз үчүн алды утуш гана болоору талашсыз. Мындан башка бул саамалыктардын Кыргызстан үчүн дагы кандай пайдасы бар? Өлкөбүздү дүйнөгө таанытуудагы мындай мүмкүнчүлүктөрдөн биз кошумча эмне утабыз? Биз бул сапар тарыхый саамалыктардын уюштуруу камылгасына канчалык деңгээлде даярдана алдык? Мындай соболдорубузга аттуу-баштуу инсандарыбыз менен бирге жооп издедик.

Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов:

“Президент Жапаров тарыхта калчу зор иштерди аркалоодо”

— Бүгүн өлкөбүз эң маанилүү тарыхый окуяларды башынан өткөргөнү турат. Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы, ШКУ саммити, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө көрүлгөн аракеттердин акыбети жаман эмес. Өлкө башчыбыз Садыр Нургожоевич бул жагынан тарыхка калчу зор иштерди аркалады. Мындай маанилүү иш-чараларды өткөрүү үчүн көшөгө артынан күндүр-түндүр көрүлгөн кандай гана эмгек кетет? Өлкөбүздүн өнүгүшүнө зор таасирин тийгизчү саамалыктар үчүн миңдеген жарандарыбыз эмгектенишүүдө. Кудай буюрса мындай аракеттердин акыбети кайтып, элибиз жемишин көрө турчу мезгил да алыс эмес.Жители сел Узгенского района жалуются, что идёт кампания по сносу  незаконных построек вокруг центральной дороги, - депутат — Tazabek ШКУ саммити менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ийгиликтүү жыйынтыктап алсак, мамлекетибиздин эл аралык алкактагы бедели артып, мунун арты менен экономикабыз, туризм, маданият, билим берүү айтор, бардык жактан алдыга жылыштар байкаларын бөркүмдөй көрөм. Кыргызстанда соңку жылдары экономикабызда ири секириктер жасалып, алыс-жакындан келген миллиондогон туристтердин агымдары байкалууда. Алдыдагы мамлекеттик маанидеги иш-чараларыбызды ийгиликтүү өткөрүп алсак, туристтердин агымы мындан да көбөйүп, айтор, элибиздин эртеңки жакшы жашоосуна жол ачылат. Ал үчүн жалпы дүйнөдө согуш болбой, стабилдүүлүк болуп турса, мунун өзү баарыбыз үчүн олжо болмок. Элибиздин, өлкөбүздүн эртеңине кайдыгер карабаган бардык жарандарыбызды алдыдагы иш-чараларды уюшкандыкта, тынчтыкта өткөрүп алыш үчүн ар кимибиз колубуздан келген, мүмкүнчүлүгүбүз жеткен салымыбызды кошууга чакырам.

Жогорку Кеңештин депутаты Илимбек Кубанычбеков:

“Канча бут кирсе, ошончо кут киргени турат…”

— 31-август эгемендүүлүктүн майрамы быйыл өлкөбүз, мындагы элибиз үчүн дагы кош салтанатка ээ болгон тарыхый күн болгону жөндөн-жөн болбосо керек. Кудай Таалам дагы кыргыз элибиздин пейилине жараша ушундай кош иш-чараларды энчилеп берди десек болот. Биринен сала бирине коштолгон мындай чоң иш-чараларды татыктуу өткөрүп алуу биздин негизги милдетибиз болуусу шарт. Мындай чоң өнөктүктөргө удаа эгемендүүлүктүн 35 жылдык майрамы Талас облусунда өткөрүлгөнү турат.Илимбек Кубанычбеков Мунун өзү өлкөбүздө өткөрүлө турган кош жакшылыктар куюшкандап келди десек да болот. Кыргызстан экономикада, арылатканда эл аралык алкакта өз ордун татыктуу таап келе жатканын ушундан билгиле, 31-августтан тарта ШКУ саммити, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өлкөбүздө өтүшүнүн өзү эле ийгилигибиз эмей эмне? 20дан ашык өлкөнүн Президенттери атайын келгени турушат. Мындай көп сандагы мамлекет башчыларынын биздин өлкөгө келиши экономикабызга, ааламдашуу учурунда дүйнөдө курч турган коопсуздук темаларынын оң жагына чечилишине бир топ жемишин берет. Алдыдагы иш-чаралар кыргыздын “канча бут кирсе, ошончо кут кирет” – деген айныгыс накыл кебинде айтылгандай алыс-жакындан келе турган жүз миңдеген эс алуучулардын арты менен экономикабыз үчүн өзгөчө жетишкендик болоорун бекем ишеним менен айта алам. Өлкөдөгү тарыхый окуялардын өзгөчө даярдык астында өтүшүн биз өз учурунда баалаганды үйрөнүп, ийгиликтерибизди, жетишкендиктерибиз менен эгемендүүлүгүбүздү көздүн карегиндей сактап, кийинки урпактарга татыктуу өткөрүп берүүбүз кажет.

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков:

“ШКУ саммити Кыргызстанда өтүп жатышы кокустук эмес”

— Акыркы жылдары Кыргызстан экономиканы өнүктүрүүдө таасирдүү ийгиликтерге жетишкени жашыруун эмес. Айрыкча инфраструктура, курулуш, өнөр жай тармактарында. Инвестициялар, калкыбыздын жашоо деңгээли жана реалдуу кирешелери туруктуу өсүүдө. Бул Дүйнөлүк банктын, эл аралык валюта фондунун жана Евразия экономикалык комиссиясынын баалоолору менен тастыкталат. Кубанычбек Самаков: Звание «Заслуженный» нужно полностью убрать —  Caravan-Info KGОшол эле учурда Кыргызстан эл аралык уюмдардын алкагында кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар. Анын ичинде саясат, экономика, маданият жана спорт чөйрөлөрүндө ири иш-чараларды уюштуруу үчүн ыңгайлуу аянтча катары. Мындай шартта алдыда дүйнө жүзүндө эң таасирдүү, кадыр-барктуу уюмдардын бирине айланган Шанхай кызматташтык уюмунун юбилейлик саммитинин Кыргызстанда өтүп жатканы кокустук эмес деп эсептейм. Мисалы, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык деңгээлде таанылышын жаңы баскычка көтөрүүгө жетиштик. Мунун далили көчмөндөр оюндарын өткөрүүнүн кийинки кезегин Россия федерациясы кабыл алып, кийинки иш-чара Казань шаарында өтөрү белгилүү болду. Келаткан иш-чараларга Кыргызстан сапаттуу даярданды деп эсептейм. Биз аларды жакшы деңгээлде өткөрүп, дагы бир жолу өзүбүздү мыкты тарабыбыздан көрсөтөбүз деп ишенем.

 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Чолпон Султанбекова:

“Өлкөбүз өнүгүүнүн жаңы баскычына чыкты…”

— Кыргыз мамлекетибиз үчүн акыркы 35 жыл оңой болгон жок. Бул аралыкта өлкө тарыхында ар кандай өйдө-ылдый окуялар орун алды, далай жолу чалындык, бирок, жыгылбадык. Муну менен биз мамлекет катары бышып жетилдик деп айтар элем. Айрыкча акыркы жылдарда Кыргызстан өнүгүүнүн жаңы баскычына чыкканын баарыбыз көрүп турабыз. Мурда кыял болгон чоң-чоң долбоорлор ишке ашып жатат. Эң башкысы, өлкөбүздүн чек ара маселеси чечилип, эл ичинде ынтымак, биримдик бекемделди. Экономикалык жактан өз күчүбүзгө таяна баштадык. Чолпон Султанбекова – кандидат на должность главы Конституционного комитета  ЖК – Новости из Кыргызстана – АКИpressБуга Президентибиз Садыр Нургожоевичтин салымы зор. Эгемендүүлүк – бул жөн гана майрам эмес, бул ар бирибиз үчүн чоң жоопкерчилик. Мына ушул өлкөбүз үчүн маанилүү майрамда Кыргызстанда ШКУ саммити, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өтүшү башта айтканымдай өнүгүүнүн жаңы баскычына чыкканыбыздын анык далили деп айтар элем. Бизден ондогон эсе көп нечендеген улуттар мекени жок жүрөт. Ата-бабаларыбыз кылымдар бою аздектеп сактап келген Манастын жеринде, ыйык Ала-Тообузда ар дайым желегибиз бийик желбиреп турсун. 35 жылдык мааракебиз кут болсун! Мекенге болгон сүйүү ар бирибиздин жүрөгүбүздө ар дайым алоолонуп жанып турсун!

“Алай Айымдары” кайрымдуулук коомунун мүчөсү Кундуз Кокочорова:

“Ак жолтой кош жакшылыктарга жол ачылды”

— Канчалык кыйынчылыктар болгону менен кыргыз элибиз пейилибизден таба турган Кудай сүйгөн элбиз. Албетте, өткөн-кеткен убактарда өлкөбүз кыйынчылыктарга туш болбой койгон жок. Биз андай сыноолорго сабыр этип, эгемендүүлүк доордогу түрдүү кыйынчылыктарды жеңип, өлкөбүз мына өнүгүүнүн жаңы сапатына көтөрүлдү. Экономикада кадимкидей жылыштар болгонуна өлкөдөгү улам бир ачылыштар аркылуу жандуу мисалдар менен күбө болуп жатабыз. Алдыда ШКУ саммити, бүткүл Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, андан соң мамлекетибиздин негизги майрамы Талас облусунда өткөнү турат. Мындай саамалыктар Кыргызстан үчүн тарых десек болот. Өлкө жетекчилигинин тынбаган аракетинин аркасында биз бүгүнкүдөй ийгиликтерге, керек болсо эл аралык деңгээлде бийиктиктерге жетип отурабыз. Алдыдагы маанилүү иш-чараларда өлкөбүзгө дүйнөлүк деңгээлдеги кадыр-баркка ээ, атактуу адамдардын, өлкө жетекчилеринин келишинин өзү Кыргызстандын дүйнөлүк алкактагы бийик ордун аныктоодо.

Бул өлкөбүз үчүн утуш гана болмокчу. Азырынча мен өлкөдөгү эң маанилүү иш-чараларды гана тизмектедим. Алдыдагы ШКУ саммити менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ийгиликтүү өткөрүп алсак, Кыргызстандын дүйнөлүк алкакта аброю артып, биздин мамлекет үчүн мындан ары да кошумча жетишкендиктерге жол ачылат. Эң башкысы дүйнө жүзүндө тынчтык болуп, Кудай Таалам кыргыз элибизге келген мындай кош жакшылыктарды ылайым кут кылсын!

Милициянын отставкадагы полковниги Улан Рысбеков:

“51 миң орундуу стадиондун ачылышы эбегейсиз эмгек эмей эмне?!”

— Кыргыз эли Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын биринчилерден болуп демилгелеп, бул сапар 3-ирет Кыргызстанда өткөзүүнү демилгелеген Мамлекет башчыларыбызга рахмат. Муну менен түптүү элибиз байыркы көчмөндөрдүн жүрүшүнө чоң маани берип, улуу мурасты уюштуруп, көз салып, аны көзөмөлдөө маанисин колго алынууда. Урматтуу Президентибиз Садыр Нургожоевич кыргыз элибиздин тез өнүгүү ыргагынын башында туруп, соңку убакта өлкөбүздө эмне деген ачылыштар болууда? Башкасын айтпасак да жаңы 51 миң орундуу стадиондун ачылышынын өзү өлкөбүздүн өнүгүү жолунда экенин толук далилдеди десек болот. Дүйнөлүк алкакта Кыргызстандын тарыхын дагы да толук ачуу керек. Бул үчүн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маанисин келечекте дагы да терең изилдөө зарыл. Ушул жерден кошумчалар сөз, алдыда Көчмөндөр оюндары, ШКУ саммити сыяктуу ири иш-чараларда барыбыз четте карап турбай, жалпылап жардам берип, жабыла көтөргөн жүктүн жеңил болорун көрсөтөлү.

Калыгул Бейшекеев

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X