ШКУ саммитин утурлай шаарды иретке келтирүү иштери башталды
Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алдыдагы саммитине даярдык көрүү алкагында Бишкек шаарында көрктөндүрүү жана тартипти камсыздоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаанын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу, шаар аймагындагы тартипти сактоо жана көрктөндүрүү талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Иш-чаралардын жүрүшүндө Чыңгыз Айтматов көчөсүнүн 14, 18 жана 57-даректеринде жашаган тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Адистер фасаддардын тазалыгын сактоо, муниципалдык жер тилкелерин өз алдынча ээлеп албоо жана үй жанындагы аймактарды шаар куруу талаптарына ылайык келтирүү боюнча эскертүүлөрдү беришти.
Ошондой эле шаар аймагында мыйзамсыз кошумча курулуштарды орнотууга, санитардык нормаларды бузууга жана жалпы пайдалануудагы аймактарды тартипсиз пайдаланууга жол берилбей тургандыгы белгиленди.