ШКУнун Инвестициялык бизнес-форуму бүгүн Бишкекте башталат
Бүгүн, 24-июнда Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Инвестициялык бизнес-форуму өтөт. Иш-чара Кыргыз Республикасынын ШКУдагы төрагалыгынын алкагында уюштурулууда.
Форумга катышуу үчүн ШКУга мүчө мамлекеттердин делегациялары Бишкекке келишти. 
Эки күнгө созула турган форумдун жүрүшүндө инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, бизнес байланыштарды кеңейтүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланат.
ШКУнун Инвестициялык бизнес-форуму аймактагы өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык өнөктөштүктү чыңдоого багытталган маанилүү аянтчалардын бири болуп саналат.