ШКУнун маданият министрлеринин жыйыны Гала-концерт менен жыйынтыкталды

20-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 101

19-июлда Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Маданият министрлеринин 23-жыйынынын алкагында өнөр чеберлеринин Гала-концерти өттү.Возможно, это изображение текст

Иш-чарага ШКУга мүчө өлкөлөрдүн расмий делегациялары, маданият жана искусство ишмерлери, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана коомчулук катышты.

Гала-концертти Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев менен ШКУнун Башкы катчысынын орун басары Пяо Янфань ачты. Министр өз сөзүндө маданият мамлекеттер ортосундагы достукту жана гуманитардык кызматташтыкты чыңдоодогу маанилүү күч экенин белгиледи.Возможно, это изображение толпа и помост

Концертте Өзбекстан, Казакстан, Беларусь, Тажикстан, Индия, Иран, Кытай, Россия жана Пакистандын чыгармачыл жамааттары өз өнөрлөрүн тартуулашты. Кыргызстандын атынан «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамбли, «Ак марал» бий ансамбли, «Иль Канто» квартети жана Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын балет труппасы өнөр көрсөттүВозможно, это изображение танцы и текст

Гала-концерт ШКУга мүчө мамлекеттердин Маданият министрлеринин 23-жыйынынын маданий программасын жыйынтыктап, катышуучу өлкөлөрдүн улуттук өнөрү менен маданий мурасын даңазалады.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X