Шыкмаматов Грузиядагы салык кызматтарын санариптештирүү тажрыйбасы менен таанышты

29-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 113

Кыргыз Республикасынын Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов расмий иш сапары менен Грузияда болуп, Грузиянын Финансы министрлигине караштуу Кирешелер кызматынын Ишкерлерди тейлөө борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө борбордун санариптик кызматтары, салык төлөөчүлөр үчүн электрондук сервистер, товарлардын кыймылын көзөмөлдөөчү санариптик чечимдер, тобокелдиктерди башкаруу системалары жана салыктык контролдун электрондук инструменттери көрсөтүлдү. Ошондой эле контролдук-кассалык машиналар (ККМ) менен электрондук эсеп-фактура системасынын интеграцияланган платформалары тууралуу маалымат берилди.

Грузиянын тажрыйбасы мамлекеттик салык кызматтарын санариптештирүү аркылуу тейлөө убактысын кыскартууга, адам факторунун таасирин азайтууга жана бизнес менен жарандар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берерин тастыктап келет.

Кыргыз тарап аталган тажрыйбаны изилдеп чыгып, аны өлкөдө салык системасын андан ары санариптик өнүктүрүүдө жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууда колдонууга ниеттенүүдө.

29-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 113
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X