Шыкмаматов Казакстандын элчиси менен салыктык кызматташтыкты талкуулады

19-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 137

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абылкаир Скаков менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкөнүн салык органдарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.

Тараптар салыктык башкаруу жаатында тажрыйба алмашууга, санариптик технологияларды киргизүүгө жана салык жол-жоболорун өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурушту.Возможно, это изображение один или несколько человек и текст

Ошондой эле өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүү, кызыкчылык туудурган маселелер боюнча жумушчу консультацияларды өткөрүү жана практикалык тажрыйба алмашуу маселелери каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар белгиленген багыттар боюнча конструктивдүү диалогду улантууга жана эки өлкөнүн салык органдарынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар экендиктерин билдиришти.

19-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 137
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X